Цирктин жетекчиси Исанаев кызматтан алынды

Буга чейин аталган мекемеде жетекчилик менен жамааттын ортосунда пикир келишпестик жаралган.

Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирктин башкы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан бошотулганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Тиешелүү буйрукка аталган министрликтин жетекчиси Азамат Жаманкулов кол койду.Исанаев директор кызматына 2004- жылы 6-октябрда ошол кездеги премьер-министр тарабынан дайындалган.

Эскерте кетсек, ноябрдын соңунда цирк жамааты жетекчисине нааразычылык билдирип, мекемедеги пикир келишпестик тууралуу Жогорку Кеңеш трибунасынан айтылган.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу