Хюррем Султанды кантип өзүнө сыйкырлап алган..? Анын 7 сыры


Келишимдүү, акылдуу, бийликте турган,  бай, мырзалардын көңүлүн буруу, анын  өмүр бою кайталангыс, жалгыз айымы болуу  албетте оңой эмес.

“Даңазалуу доор” сериалынын каарманы  Хюррем дүйнөнүн падышасы болгон султандын жүрөгүн кантип багындырып алган?

Сулейман султандын  айланасында келишимдүү, акылдуу жада калса  билимдүү хан бийкелер болгон. Бирок мындай мырзанын жүрөгүн багындырып алуу үчүн сылыктык жана сулуулук аздык кылат. Хюрремди көп ирет сыйкырчы деген кептер убагында айтылган, себеби  ал бир топ сулууларды артка таштап султандын түбөлүк жарына айланган.

Эреже 1

Өзүнө көңүл бурдуруу

Көптөгөн сулуу кыздардын арасында сиз оңой эле көрүнбөй, жоголуп  кете аласыз.  Башкалардан өзгөчөлөнүш үчүн сиз бир нерселерди ойлоп таап , өзүңүздү тобокелге салышыңыз керек.  Хюррем гаремдеги  алгачкы күнүнөн баштап эле өзүнүн эр журөктүгүн көрсөтүп – султандын атынан атап кыйкырган. Анысы аз келгенсип  анын жанына келгенде койнуна эсинен таңып жыгылат.

Мындай аракет абдан тобокелдүү албетте. Бирок анын 3 жакшы жагы бар.

Биринчиден, мындай ыкма менен Хюррем көпчүлүктүн ичинен өзгөчөлөнүп сурулуп чыкты.

Экинчиден, өзүн кулдардан жогору койгондугун айкын түшүнүнүк берди.  Бул учурда султанды аз да болсо өзүнө көңүлүн бурдурта алды.

Үчүнчүдөн, өзүнүн назиктигин көрсөттү.

Эреже 2
Сүйүү арноо

Сулеймандын жанында болууну  ар бир айым каалайт.  Бирок ал улуу башкаруучу болсо да , мырза экенинин унутпоо заарыл. А мырзалардын бардыгы эле кемчиликтерден арыла алышпайт.Ал адам сиз үчүн маанилүү экенин билдириңиз. Тандаган мырзаңызга аны менен бирге болууну самаганыңызды көрсөтүп,сиз өзүңүзгө ыңгайлуу атмосфераны түзө аласыз.  Аны сиз байлык, бийлик үчүн эмес, адамдык сапаттары үчүн жакшы көргөнүңүздү далилдеңиз.  Хюррем Сулейман султанды чыгыш бийлери менен сыйкырлаган. Бул өзүнүн абалын күчтөндүрүү үчүн жакшы салым болгон.  Ал  Суйленманга жагымдуу сөздөрү менен , мактоо менен, өзүн кызыктырып, аны арбап алды.

Эреже 3
Андан көз каранды экениңизди көрсөтүңүз

Ар бир эркек сиздин жаныңызда өзүн  күчтүү сезгиси келет. Алар дайыма  аялзатынын  коргоочусу жана колдоочусу болууну самайт. Ошондуктан  бул сапаттарды көрсөтүп, сиз аны өзүңүзгө жипсиз байлай аласыз.
Бул ыкманын канчалык таасирдүү жана натыйжалуу болгонун Хюррем Сулеймандын колуна жыгылуу менен текшере алган.  Ошол менен эле Махидеврандын ага кол салуусу, Хюррем андан физикалык жактан канчалык күчтүү болсо да бирок өзүн кор кылганга уруксат бергени, ал бир ок менен 2 коенду ата алды. Ал эми Махидевранга болсо  зыяны чоң болгон. Себеби аялзатындагы эң жаман сапаттар – күйүгүп жинденүү, зомбулук. Мындай кылыгы менен ал Сулейманды өзүнөн алыстаткан жана султандын чыныгы эркек сапаттарын көрсөтүүгө жол ачып берген.

 

Эреже 4

Тарбиялоочу болушуна жол берүү

Эгер өзүңүз топурак алып келип идишке гүл отургузсаңыз, дүкөндөн сатып алган гүлгө караганда аны дайыма бапестеп карап, көңүл бөлүп жакшы көрүү менен өстүрөсүз. Аны коргоп, карап дайыма суу менен камсыздап турасыз.  Ошондой эле тарбиялоого салымыбызды кошкон адамдарды да ошондой жакшы көруп турабыз.  Ошондуктан эркектердин тарбиялоочу болушуна жол берүү , анын оюн угуу , ага эмне маанилүү болгонун билүү, аракет кылуу менен сиз өзүңүздүн абалыңызды күчтөндүрөсүз.

Нигар Калфанын сунушу менен Хюррем ислам динин кабыл алган.  Чечкинсиз Гүлнихалга караганда , ал түз эле султанга өтүнүчү менен кайрылган.  Бул менен ал өзүнө маанилүү  адам болгонун сездирте алган.  Ошондой эле Сулейман султан Хюрремдин динин алмаштыруусу менен ага өзү себепкер болгонун, ага өзү түрткү болгонун, аны мусулман кылган өзү болгонун сезе алды.

Эреже 5
Анын жумушу менен ишиңиз болбосун

Көпчүлүк айымдардын чоң катасы – сүйүктүүсүнүн ар бир ишине башын салышат. Жумуш тууралуу сүйлөшүү чындыгында сиздин мамилеңизди достуктай жакындата алат. Бирок Хюррем Сулеймандын мамлекеттик иштерине аралашпайт. Ал үчүн  эң  баарынан маанилүүсү сүйүктүүсүнүн  анын жанында бардык жумушун унутуу. Хюррем  Сулейман падыша менен баарлашып жатканда жумуштары тууралуу ойлонуусун каалабайт.  Тескерисинче ,  сүйүктүүсүнүн жанында бардык көйгөйүн унутуп, өзүн тынч абалга алып келет. Бул аялзатынын мырзаларга  болгон чоң белек.  Ушул жагдай үчүн  мырзалар сүйүктүүсү менен жолугушууга убакыт издеп, аны менен көбүрөөк болгусу келет.

Эреже 6
Шайыр жана
санаасыз болушуңуз керек

Эч бир эркек даттанууларды жактырбайт.  Албетте ый – эркекти башкаруудагы жакшы курал. Бирок бардык убакта эле таасир бере бербейт. Мындай ыкманы сүйүүнүн даңазалоо үчун колдонсо болот. Бирок башка учурарда тескерисинче анын кубанычы жана жарыгы болушуңүз керек.

Сулейман Хюрремди “өзүнүн гүлү жана түбөлүк майрамы” деп бекеринен айтпаган. Себеби, ал дайыма нурлуу жана бактылуу, бул жөнүнөн эмес. Мындай ыкма менен ал дайыма жанында майрам тартуулап турган.

 

Эреже 7
Анын жакындары менен ачык айкын урушпаңыз

“Же мени , же аларды танда !” деген ультиматум  туура эмес. Мырзаңыз сизди ченемсиз жакшы көрүшү мүмкүн, бирок, апасына болгон сүйүүсү албетте өтө маанилүү. Сүйүктүүңуздүн жакындары тууралуу жаман сөз айтуу бул —  өтө коркунучтуу. Себеби анын тынчсыздандыруу менен бирге “ эки оттун арасында калгандай” сезим жаратасыз.

Мындай учур Хюрремдин да башына келген жана ал үчүн чоң сабак болгон. Себеби, Ибрагимдин ага жолун тосуу менен коркунуч туудуруп жатканын айтканда Сулейман аны жакшы кабыл алган эмес. Мындан кийин Хюррем тескерисинче мамиле жасай баштаган. Ага Сулеймандын апасы Валиде Султан канчалык бут тоссо дагы апасы тууралуу сөз кылбай жана даттанбай , ошондой эле улуу Мустафа тууралуу дайыма суктануу менен жакшы сөздөрдү айтып келген.

Булак: oilon.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу