Хамелеондор парады — 1: Шылуундар менен «койлорду» миң сом байланыштырат.

Сооронбай Жээнбековдун мурунку көчтү улабай, өз алдынча жаңы жол салаары досу Атамбаевди баш кылып баарын таң калтырды. Мамлекеттик бийликти пайдаланып өз чөнтөгүн кампайткан жемкорлордун изине түшкөндө буга чейин ажо баш болуп айыл өкмөткө чейин элдин канын соруп келгени ачыкка чыкты. Ак үйдөгү жемкорлуктун масштабы төбө чачты тик тургузгудай — миллиарддап эсептелээри билинди.

Бул жыл, өзгөчө март-апрель айлары Юстиция министрлиги менен банктар үчүн ашкере активдүү мезгил болду. Фирмаларды кайра каттоолор менен акчаларды чет өлкөлөргө күргүштөтүп которуулар аларды тындырган жок. Бийликтен кеткен экстер шашылыш түрдө уурдаган каражаттарын чет элге чыгарып, ишкана-фирмаларын башка бирөөлөргө сатып же кайра каттатып жатышканын төмөнкү тизмелерден көрө аласыздар.

Атамбаев Алмазбек Шаршенович, экс-президент:

Экс-президент А.Атамбаевдин чет элде байлыктары, ишканалары көп экендигин жакшы билебиз. Бирок, Кыргызстандагы ишканаларынан көзгө басаары «Форум» экени да маалым. Андан тышкары, балдарынын «автомаштары» менен өзүнүн кийинки кездери ачкан «апрелдери» бар, эки телеканалга ээлик кылат. Алардын, тагдыры кандай болуп жатты экен?

— «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасы» ЖЧКсы — 18.04.2018-ж. кайра каттоодон өткөн. Жаңы уставга ылайык фирманын ээси Атамбаев Алмазбек Шаршенович түзүүчүлүктөн чыккан. Мындан ары «Форумга» ээлик кылуу Пархати Субихи Вуфуеровичтин колуна өткөн. Атамбаев Сеидбек Алмазбекович да компаниянын жетекчилигинен бошотулуп, анын ордуна Ишкинина Салия Эсеновна аттуу адам келген. Буга жараша компаниянын дареги да өзгөртүлүп, Шабдан Баатыр көчөсү, 4б дарегинен Чүй проспекти, 113 дарегине (Чыгыш-5 кичи району) орун которгон. Демек, «Форум» мындан ары Атамбаевдики эмес жана Шабдан Баатыр-4б дерегиндеги анын заңгыраган имараттары жаңы ысымга ээ болушу мүмкүн. Бул жерде Пархати Субихи тууралуу кыскараак айта кетпесек болбойт. 26 жаштагы карабалталык бул жигит былтыр октябрда А.Атамбаевге расмий түрдө өнөктөш болуп, «Форумдун» тең укуктуу түзүүчүсү катары катталган. Андан тышкары, ал «Хуасинь» инвестициялык компаниясынын ээси катары Терек-Сайдагы сурьма кенин иштетүүдө жана күмөндүү жагдайлардын ачкталып калганынан улам токтотулууга мажбур болгон «Акылдуу шаар» долбооруна катыштыгы бардыгы да айтылган.

— «Автомаш-Энерго» ЖЧКсы — 12.03.2018-ж. кайра каттоодон өткөн. Мурунку түзүүчүлөрүнүн бири Васильев Юрий Иванович тизмеден чыгып, компаниянын жаңы түзүүчүлөрү болуп «Автомаш-Радиатор» ЖЧКсы менен Атамбаев Сеидбек Алмазбекович катталган, жетекчиси да С.Атамбаев. Дареги мурунку бойдон — Матросов көчөсү, 1а.

— «Канал-D» телерадиокомпаниясынын редакциясы» ЖЧКсы — 04.05.2018-ж. кайра каттоодон өткөн. Бул ЖЧК элге белгилүү «7-канал» медиасынын юридикалык ээси. Эски түзүүчүсү жана жетекчиси Аккозова Алтынкүл кетип, телекомпания Атамбаев Алмазбек Шаршенович менен «Апрель» коомдук фондунун колуна өткөн. Ага жараша телевидение Байтик Баатыр көчөсү, 53 дарегинен (И.Илмиянов менен анын өкүл баласы К.Туманбаевге таандык имарат) 7-апрель көчөсү, 4б дарегине көчкөн (Атамбаевдин «Форуму»).

Эске салсак, «Апрель» коомдук фонду да А.Атамбаевдин жеке ээлигиндеги уюм. Демек, юридикалык жактан 7-каналга эки тарап ээлик кылганы менен, иш жүзүндө телеканал Атамбаевдин жеке колунда. Бул телевидение мурда Камчыбек Ташиевге таандык медиа катары белгилүү эле.

— «Апрель-ТВ» ЖЧКсы — 23.04.2018-ж. кайра каттоодон өткөн. Тагыраагы, «Марс ТВ» редакциясы» ЖЧКсы кайра түзүлүп, «Апрель ТВ» деп аталып калды. Телеканалдын түзүүчүлүгү Туманбаев Каныбектен Атамбаев Алмазбек менен «Апрель» коомдук фондуна өткөн. Жетекчилик кылуу да Багышов Мамасадыктан Дмитрий Ложниковго тапшырылган. Эске салсак, бул канал маалымат айдыңында 2015-жылы пайда болуп «ON бир» деп аталаар эле жана иш жүзүндө ага айтылуу шоопур, А.Атамбаевдин оң колу Икрамжан Илмиянов ээлик кылчу. Демек, формалдуу түрдө кожоюндары алмашканы менен короосу ошол эле бойдон калгандай.

— «Апрель» коомдук фонду — 13.04.2018-ж. түзүлгөн. Түзүүчүсү экс-президент Алмазбек Атамбаев, жетекчиси — Фарид Ниязов. Фонд айтылуу «Форумда» жайгашкан. Айта кетүүчү нерсе — жакында Ф.Ниязовго да «Вечерний Бишкек» басылмасын рейдерлик басып алуу боюнча кылмыш иши козголгону кабарланды.

(бир аз убакыттан кийин качкын депутат Аскарбек Шадиевдин оң колдон сол колго өткөн менчиктерин жарыя кылабыз)

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу