Халмурзаев “саунада” жаткан дейби?

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Калмурзаевдин ишке жөндөмсүз экени кечээги Ак-Сайдагы чыр-чатакта дагы бир ирет тастыкталды. Бул нойон жеке бизнесин гана гүлдөтүп, саунасында чалкалап жатканы ачыкка чыкты. Болбосо ар бир көйгөйлүүү участоктордо кандайдыр бир ишти баштардын алдында дыкат даярдыктарды көрүп, анан кадам шилтеши зарыл болчу.

Өкмөттүн өкүлү элди «эмне кылсаң ошол кыл» деп таштап койгондугунун айынан жергиликтүү калк мүшкүл ишке кириптер болуп, азап тартып калышты. Коңшу өлкө менен болгон алакага доо кетип, өмүр кыйылып, биздин бир нече жаран жараат алды.

Демек, бул оркойгон шалаакылык үчүн өкмөттүн өкүлү жазасын алышы керек. Ансыз да Халмурзаевге караштуу «Дан» акционердик коомунан мамлекеттин ири өлчөмдөгү буудайы зыянга учуратканы, жок болуп кеткен буудай буудай боюнча соттук териштирүү арадан төрт жыл өтсө да аягына

чыкпай турганы, менчик мейманканасында  сауна иштеткени ачыкка чыккан. Шиши толду.

Булак: Мантыш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу