Хабиб Нурмагомедов Флойд Мейвезерди беттешке чакырды

Дагестандык (Орусия) Хабиб Нурмагомедов Инстаграм аркылуу америкалык мушкер Флойд Мейвезерди беттешке чакырды. Экөө тең азыркыга чейин мушташтан бир да жолу жеңиле элек. Мейвезер азырынча чакырыкка жооп кайтара элек.

Нурмагомедов – UFCнин жеңил салмактагы учурдагы чемпиону. Мейвезер – бокс боюнча беш салмак категориясындагы дүйнөнүн экс-чемпиону. Ал карьерасында 50 жолу атааңдаштарын жеңип чыккан.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу