Ф.Ниязовго таандык сайт «Президент парламентти таратат» деген жалган маалымат таратты.

Кече жакында эле «Ой-пикир» деген аталыштагы интернет сайты түптөлүп, анда жалаң АШАны жактаган, учурдагы бийликти «төпөштөгөн» материалдар жарыяланып келген. Бирок, анын артында кимдер тураары коомчулукка бат эле билинип калган болчу. «Мен бийликке алып келдим эле, эми менин тилимди албай атат» деген логикага «багынган» Атамбаевдин маалыматчылары Ф. Ниязов менен А. Үсөнов экөө ошол сайттын артында турушканын билип калган элибиз, ал сайтка ишенмек тургай, тескерисинче аны ушакчы сайт аташкан эле.
Натыйжада ал сайт иштөөдөн калып, эми Ф. Ниязов press-unity.com аттуу сайт менен тымызын маалыматтык саясатын баштаганы билинди. Жакында эле ушул сайтка «Сооронбай Жээнбеков распустит парламент» деген темадагы саясат таануучу Денис Бердаков менен маекти жарыялашты.
Ал маекте Д. Бердаков өзүнүн ой-жоромолун Ф. Ниязовдун көрсөткөн багытына ылайыктап бергени байкалып турат. Болбосо, учурдагы парламентти таркатууга президент С. Жээнбековдун эч кандай кызыкчылыгы жок экенин жалпы коомчулук көрүп турбайбы.
Анан дагы ушул жылдын күзүндө жаңы парламенттик шайлоо боло турган болсо, түштүк региону боюнча күчтүү жаңы партия түзүлө турганын айтып элди коркуткусу келет. Мына ушундан эле Ф. Ниязов адатынча мамлекетибизди бөлүп-жаруу саясатын жасап атканын билебиз.
Д. Бердаков А. Атамбаевдин жалданма саясат таануучусу экенин да унута элекпиз. Булар кантип актануунун амалын таппай калышып, эми элди бөлүп-жаруу саясатын баштап атышканын кантип түшүнбөй калалы.

  БУЛАК:Maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу