“Фрунзе+” соода жайындагы мыйзамсыз иштеп жаткан казино депутат Кожобек Рыспаевге тиешелүү экени жазылууда

Каржылык мыйзам бузууларга каршы мамлекеттик кызматы Бишкектеги “Фрунзе+” соода жайындагы мыйзамсыз иштеп жаткан казинону (кумаркана) ачыктады. Анда белгилүү болгондой, 30-майда аталган кызмат атайын рейддин негизинде аталган жайда жашыруун иштеп жаткан кумар оюндарын ойнотуучу жерди тапкан жана бул факты боюнча 259-статья (кумарканаларды уюштуруу жана кармоо, кумар оюндарын жана лотереяларды оюн жабдыктарын колдонуу менен өткөрүү) менен кылмыш ишин козгоду. Жыйырмадан ашык жаран күбө катары суралып, кумар оюнунун билеттери, акчалай каражаттар далил зат катары катталган. Маалымат айдыңында кумаркана жайгашкан соода жайы Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге тиешелүү экени жазылууда.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу