Францияда 65 киши кармалып, бир киши каза болду

22-декабрда Парижде жана Франциянын башка шаарларында “сары кемселчендердин” ар ишембиде өтчү акциясы уланды. Бул жолу акция алтынчы жолу өттү. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кечээ 65 демонстрант кармалды.

“Сары кемселчендердин” Франциянын түштүгүндө өткөргөн акциясында бир киши каза болду. Окуя Перпиньян шаарына жакын жерде 21-декабрда болду. Нааразылыкка чыккандар тосуп алган жолдун кесилишинде 36 жаштагы айдоочу жүк ташуучу машинаны сүзүп алган.

Франциядагы нааразылык акциялары 1,5 ай мурда башталган. Он миңдеген кишилер өкмөттөн күйүүчү майга болгон салыкты көбөйтүү чечиминен баш тартууну талап кылып чыгышкан. «Сары кемселчендер» Эммануэл Макронду жана өкмөттү кызматтан кетүүгө үндөп жатышат. Француз маалымат каражаттары маалымдагандай, ноябрдын ортосунан бери эле полиция 4,5 миң кишини коомдук тартипти бузганы үчүн кармап кеткен.

10-декабрда Макрон күйүүчү майга болгон салыкты көбөйтүүгө жарым жылдык мораторий киргизип, нааразы элди тынчтандырууга аракет жасаган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу