Фракциядагы тополоң

Сыртынан эч нерсеси менен деле айырмаланбаган сыяктанган, жөнөкөй өңдөнгөн окуя «Өнүгүү Прогресс» фракциясында болуп өттү. Жалпы фракциянын  чечимдерине карама- каршы аракеттери үчүн үч депутат: Тазабек Икрамов, Камчыбек Жолдошбаев жана Алмазбек Жутанов фракциядан чыгарылып салынды. Мындай кадамдын максаты: фракцияда биримдикти чыңдоо, кабыл алынган чечимдерди так аткарылуусуна жетишүү.

Бул чечимдин артында эмне жатат? Фракциянын лидери Бакыт Төрөбаев жакында болуп өткөн шайлоодо Өмүрбек Бабановго кошулуп кеткендиги белгилүү. Бирок, алар чоң жарышта жеңилүү ызасын тартып калышты. Ошондон кийин «Өнүгүү Прогрессте» Бакыт Төрөбаевди лидерликтен кетирүү жөнүндөгү маалыматтар өтө ачык мааниде болбосо да тарап кеткен. Андай демилгенин авторлору деп жогорку үч депутат аталып калган. Мындай чечим чыккандан кийин депутат Тазабек Икрамов Бакыт Төрөбаевди лидерликтен кетирүү алардын ниетинде да болбогондугун маалымдады. Анын оюу боюнча аларды фракциядан чыгаруу жөнүндөгү чечим мыйзамсыз кабыл алынган. Канткен күндө да болоор иш болду. Эми окуялар кандай багытта өнүгөт. Буга чейин деле мындай окуялар болуп жүргөн. Лидери менен пикири келишпеген депутаттар фракциядан чыгып кетип, өздөрүнчө депутаттык топ түзүп алчу. Мындай аракеттер эмнеге алып келээрин баамдаган партия жетекчилери «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу» деген мыйзамга өзгөртүү киргизишип фракциядан сырткары депутаттык топ түзүүгө тыюу салган  берене киргизишкен. Ачык жазылбаса да «фракциядан чыгарылган депутаттар мандаттарын тапшырышы керек» деген ой кыйытылган. Мындай орчундуу маселе ишке ашабы же жокпу? Же берки үч депутат укуктарын коргоп депутаттык мандаттан арылгылары келбей тополоңду улантышабы?

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу