Фото — Эл аралык сынакка Кыргызстандан жөнөтүлгөн Сусанна финалда Армениянын атынан чыкты

«Кыргызстан сулуусу 2017» сынагынын жыйынтыгы менен Сусанна Егорян эл аралык World Next Top Model 2017 сынагына жөнөтүлүп, бирок финалда Армениянын атынан чыкканы маалым болду. Буга чейин 18 жаштагы сулуу 14-июлдан 6-августка чейин Ливанда өткөн сынакта вице-мисс наамын жеңип алганы жарыяланган эле.

Сынактагы расмий сүрөттөрдөн Сусанна алгач Кыргызстандын атынан чыгып, бирок финалда Армения өлкөсүн көрсөткөн тасма тагынып жүргөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле, вице-мисс наамын алганда Армениянын жараны катары чыккан.

Сусанна Егорян «Кыргызстан сулуусу 2017» сынагында «Подиум сулуусу» наамын жеңген эле. Аны эл аралык сынакка жөнөткөн «Кыргызстан сулуусу» сынагынын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы менен байланышууга азырынча мүмкүн болгон жок.

Булак: turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу