Фото – Экс-депутат Жусубали Исаевдин КАМАЗ менен кагышкан “Рендж Ровер” машинасынын авариядан кийинки сүрөттөрү.

Баткен облусунда 18-февралда жол кырсыгынан каза болгон экс-депутат Жусубали Исаевдин “Рендж Ровер” машинасынын авариядан кийинки сүрөттөрү кырнетте кеңири тарады.
Эсиңиздерге сала кетсек, 18-февралдын түнүндө, болжол менен 00.30дар чамасында Баткен районунун Рават айылында болгон автокырсыктан КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Жусубали Исаев кайтыш болгон.
Экс-депутаттын “Рендж Ровер” машинасын Э.Д. аттуу өзүнүн шоопуру айдап бараткан. Туман басып тургандыктан жол четинде токтоп турган оор жүк ташуучу КАМАЗды байкабай сүзүп алышкан. Натыйжада экс-депутат Жусубали Исаев ошол жерде жан берип, экинчи жүргүнчү А.Р. оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу жеңил-желпи жаракаттар менен аман калган.

БУЛАК: KYRGYZTODAY.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу