ФОТО-Ырчы Каныкей көзүнө сурма жасаттыбы?

Өзүнүн башкача стили менен сахнага чыгып, мукам үндүү обон созо ырдаган Каныкей жакында кайрадан чыгармачылыкка киришерин айтып, чач жасалгасын, чачынын түсүн өзгөртүп жаткан видеосун инстаграм баракчасына жүктөгөн эле.

Ал эми жакында эле 10 жыл мурдагы жана азыркы учурда салыштырган “10 жыл мурда” дпеген челленджди чагылдыруу максатында 11 жыл илгери түшкөн жана азыркы сүрөтүн жүктөгөн.

Сүрөттү көргөн ырчынын күйөрмандары анын көзүндө сурма пайда болуп калганын байкап, “Көзүңө операция жасаттың беле?” деген сыяктуу суроолорду жаадырышты.

Ырчы ага удаа эле:

«Урматтуу окурман көзүмө пластикалык операция жасатканым жок. Болгону жылдар өткөн сайын адамдын көзү ачыла баштайт окшойт да», -деп жооп берди. Ырчынын күйөрмандарынын көпчүлүгү «ооба, 2 балалуу болсоң анан көзүң ачылат ушундай» деген өңдүү тамашалуу пикирлерин да калтырууга үлгүрүштү.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу