Фото – Шедевр: Дүйшөнбек Зилалиевдин “букадан пул сааган” фотосүрөтү

Башкы прокуратура тарабынан КР кылмыш-жаза кодексинин мыйзамсыз баюуга байланыштуу беренеси боюнча үстүнөн кылмыш иши козголуп, анан УКМК тарабынан кармалып, үйү тинтилип, миллиондогон мыйзамсыз акчалар табылып, азыр камакта жаткан мурдагы чиновник Дүйшөнбек Зилалиевдин 2008-жылдын апрелинде Нью-Йоркто түшкөн бул фотосүрөтү Facebook  социалдык тармагында тарады. Сүрөттүн астына азыр доллардык миллионер болуп “табылган” экс-чиновник өзүнүн “купуя тилегин” да чиймелей койгон экен. “”Буканын ушул жерин кармасаң акчаң көбөйөт” деп жатышат. Көрөбүз…”- деп жазган экен Дүйшөнбек Зилалиев. Анын кыялы 10 жылдан кийин кантип иш жүзүнө ашканына күбө болдук. Ага байланыштуу колдонуучулар ар кандай комментарийлерди жазып жатышат.

Манхэттендин Уолл Стрит көчөсүнө жакын Боулинг Грин аянтында орнотулган Буканын бул статуясы – Нью-Йорктун популярдуу туристтик символу катары белгилүү.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу