Фото – Таштандыда табылган өлүк наристе капыстан көзүн ачты

Ата-энеси таштанды салынган челекке тирүүлөй ыргытып салган наристени айыл
тургундары куткарып калышты. Бул окуя Индонезиянын Батыш Ява провинциясында
катталды.
Гантар деген айылда таштанды челектердин биринен бул баланы табышаары менен, ал
адамдар жакынкы ооруканага жеткиришкен. Daily Mail билдирген маалыматка ылайык,
бул окуяга капыстан күбө болуп калган тургундар көз жашын тыя алышкан эмес.
Баланын өң-келбети алардын үрөйүн учурган. ММКлардагы маалыматтар боюнча,
баланын башында кесик болгон жана плацентанын калдыктары жанында жатканын
көрүшкөн.

 
Айыл тургундары тез жардам кызматын жана полицияны чакырышкан. Дароо эле жетип
келген полиция кызматкерлери наристе жанынан табылган үйдү тинтүүгө алышкан.
Бирок имарат бош болгондуктан эч майнап чыккан эмес. Учурда полиция тарабынан
наристе менен имараттын кожоюнунун байланышы териштирилип анын ата-энеси
изделүүдө.

Наристе болсо акырындап сакаюуда, доктурлар азырынча анын жашоосуна коркунуч
келтире турган эч нерсе жок экенин билдиришти.

Булак: kyrgyztoday.org

Аргумент.kg
Жооп калтыруу