Фото – Сооронбай Жээнбековду “өз үнү, өз жүзү жок, ээрчиме, жетеленме” деп жээриген Роза Отунбаевага бүгүн президент сый көрсөттү

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков айкөлдүгүн көрсөтүп бүгүн, 8-августта Ысык-Көлдө өтүп жаткан “Мекендештер” форумунда Роза Отунбаевага аябай сый мамиле жасады. Ушундай айкөл болгон эле жакшы. Эмесе мындан 9 эле ай мурун, 2017-жылдын күзүндө, президенттик шайлоодо Роза Отунбаева президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго каршы кашык каны калганча күрөшүүгө даяр экенин жар салып, бир топ чырлап жүргөн. Ошондон эки окуя эске түшөт:

Роза Отунбаева баш болгон  “Адилеттүү шайлоо үчүн” деген топ түзүлүп, Бишкектин Совет көчөсүндөгү “Электроника” дүкөнү жайгашкан имараттын 4-кабатында, Кеңешбек Дүйшөбаевге караштуу офисте Сооронбай Жээнбековго каршы катуу күрөш жүргүзүшкөн эле. Кыймылдын негизги өзөгүн Роза Отунбаева, Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова жана башкалар түзүшкөн. Бир күнү эле Роза Отунбаева идеялаштарын  Өмүрбек Бабановду колдоого чакырып, “мен азыр Бабанов менен сүйлөшүп келем” деп чыгып кетет…

Өмүрбек Бабановдун Тынчтык проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан шайлоо штабынын короосуна машинасы менен келип, телефон чалса телефонду жардамчылар алат. “Мен силердин корооңордо турам, шайлоодо Өмүрбекти колдоону чечтик, өзү чыгып тосуп алсын, сүйлөшө турган сөз бар” дейт. Бабанов негедир өзү чыккысы келбей штабдын басма сөз кызматына көз салган Султан Каназарого “чыгып, тосуп келчи” деп буйруйт. Ал эми Султан Каназаров “сыртта бийликтин кишилери аңдып, бизге ким кирип-чыкканын видеого тартып жатат, мен чыгып эже менен видеого түшүп калгым келбейт, дароо бийликке жеткиришет…” деп чыкпай коёт. Отунбаева сырттан кайра-кайра телефон чалып, бирок телефонду эч ким албай, тосуп чыкпай да койгондуктан машинасынан түшпөй, Өмүрбекти өкүртө тилдеп, “Адилеттүү шайлоо үчүн” кыймылынын офисине кайрылып келет…

15-октябрдын кечинде, шайлоо аяктап, алдын ала жыйынтык чыкканда, Бабанов жеңилгенин түшүнгөн Роза Отунбаева “Адилеттүү шайлоо үчүн” кыймылын тезинен Кеңешбек Дүйшөбаев берген офиске жыйнап “Бабановго барып айт, шайлоонун жыйынтыгын тааныбасын! Биз да шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз! Чоогу күрөшүп, Бабановду президент кылабыз. Кантип эле ушул өз үнү, өз жүзү жок, ээрчиме, жетеленме Сооронбайды президент болуп  шайланганга жол беребиз! Биз буга жол бербешибиз керек!”  деп Кеңешбек Дүйшөбаевди Бабановдун штабына жөнөтөт. Буга ошол жерде олтурган Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова жана башкалар күбө болушкан. Эгер калпычы болушпаса өздөрү айтып беришер. Бирок бир топтон кийин Кеңешбек Дүйшөбаев “Бабанов коркуп, биздин айткандарга көнбөй койду” деп башын шылкыйтып кайтып келет. Отунбаева Өмүрбек инисин өкүртө тилдеп, тизесин бир муштап олтуруп калган эле.

Бул окуяларды бийликтин көрөгөч Мамыттары менен жер тыңшаар Мамыттары эбак эле Сооронбай Жээнбековго жеткиришсе керек. Бирок ошого карабай айкөлдүк кылып, кыргыз элинин ынтымагы үчүн өз оппоненттерине сый көрсөтүп жатканын жакшы жышаан деш керек. Эгер Жээнбековдун ордунда Атамбаев болгондо Отунбаеваны бул ишмердиги үчүн элдин көзүнчө осол кылып, ошол жерде сценадан чыгып кеткенге аргасыз кылмак. Кекчил болбой кең пейил болуу накта кыргыз касиеттеринин бири эмеспи.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу