Фото — Рэп аткаруучу Баястан сүйүктүүсү Зульфияга баш кошуп жатат

Бүгүн, 11-августта борбор калаабыздагы тойканалардын биринде белгилүү рэп аткаруучу Баястан өзүнүн сүйүктүүсү Зульфияга баш кошуп жаткан учуру. Бул тууралуу Зульфия өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Сүрөттөрдө Зульфия кыз узатуу тоюна дунган улуттук кийимин кийгенин көрүүгө болот. Буга чейин ырчы Баястан «Супер-инфо» гезитине берген маегинде «Биз азыр даярдыктар менен жүрөбүз. Тоюбуз август айында Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Буюрса, эсте каларлык кылып өткөрөлү деп жатабыз», — деп билдирген.

Белгилүү болгондой, Баястан сүйүктүүсүнө 2017-жылдын 29-декабрында сөйкө салган.

Булак: Super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу