Фото – Назира Айтбекова, теле алып баруучу: “Бөдөнө тумшук мамагымды көрө албай койдуңар, иттин башындай болгондо кууратмак экенсиңер!”

Кечээ белгилүү теле алып баруучу Назира Айтбекова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына
акыркы фотосессиясынан бир нече сүрөтүн жарыялаган эле. Ал сүрөттөр фейсбук
пайдалануучулардын арасында чоң талаш-тартыш жаратып, бирөөлөрү колдоп чыкса
экинчилери “бул өтө эле ачык тартылган, ашкере кеткен фотолор экен, мындай
сүрөттордү жарыялабаш керек” деп уяткарууга аракет кылышты. Төмөндө биз Назира
Айтбекованын аларга жообун жана ызы-чуу салган фотолорун жарыялайбыз:

“Бөдөнө тумшук мамагымды көрө албай койдуңар, иттин башындай болгондо кууратмак
экенсиңер!”

“Алдыга чыкса, таскак дейбиз. Артта калса, аксак дейбиз. Этектен тартып, төбөгө уруп эле
келатабыз бири бирибизди. Эмне майнап чыкты? Өзгөрүүгө мезгил жетти го дейм. Ар
бир адамдын эрки болушу керек. Эрежеге салып, этектен тартып турсак, өсүш болбойт!
Акыркы жолу кимиңер көңүлүңүөрдөгүнү кылдыңар? Кимиңер көксөөңөрдү сууттуңар?
Кимиңер өз каалооңордогу кесипке жетип, өз каалаган эрге тийип же аял алдыңар? Эл
эмне дейт ? Үйдөгүлөр эмне дейт ? Балким Ошон үчүн жарыбай аткандырбыз? Эмнеге биз
капаста болушбуз керек? Эмнеге көз каранды болууну тандайбыз? Эмнеден коркобуз? Ар
ким өзү катачылык кетирет. Оңдонот. Түздөнөт. Бир жолу жашайт экембиз. Мен каалаган
жашоону сүрүп өтүүгө акым бар. Ката кетирсем, жанылсам, меники болот ал ката. Туура
жолдо баратсам, демек азаматмын!”

“Эмчегимди көрсөтүп, эркектерге эрмек болоюн дегеним жок. Өтө эле кооптуу коом
болуп баратабыз. Эркиндиктин аты бар заты жок.”

«Эркектер личкага агылып жазып атат го, чиркин. Аялдар асынып алып атат”

“Бул сүрөттөр коомго салган ачуу айкырыгым”

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу