Фото — Мугалимдиктен президенттикке чейин: Сооронбай Жээнбековдун өмүр баяны

Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүн, 16-октябрь саат 8:47ге карата маалыматына караганда, президенттик шайлоодо 52,8% менен Сооронбай Жээнбеков алдыда болууда.
2-орунду 36,24% менен Өмүрбек Бабанов, 3-орунду 5,9% менен Адахан Мадумаров алды.
Темир Сариев 2,66% менен 4-орунду чыкса, Таалатбек Масадыков 0,59% менен 5-орунду алды. Бардыгына каршы 0,69% добуш берилди.
Сооронбай Жээнбековдун өмүр баяны
Аты-жөнү: Жээнбеков Сооронбай Шарипович — Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри
Туулган жылы: 1958-жыл 16-ноябрь
Туулган жери: Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Тельман айылы
Улуту: кыргыз
Билген тилдери: кыргыз, орус
Билими: 1977-1983 — жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институту, адистиги: зооинженер.
— 2003-жылы Кыргыз агрардык университети, экономикалык факультет, адистиги: бухгалтер.
Эмгек жолу:
-1976-1977-жылдары Ош облусунун Өзгөн районунун Ленин атындагы орто мектебинде мугалим;
— 1977-1983-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти;
— 1983-жылдын ноябрь айынан 1988-жылга чейин Ош облусунун Совет районунун «Совет» совхозунун зоотехниги;
— 1988-жылдын ноябрынан тарта 1989-жылга чейин Ош облусунун Совет районунда райкомдун инструктору;
— 1989-жылдын августунан 1991-жылга чейин Ош облусунун Ульянов атындагы совхозунда парткомдун катчысы;
— 1991-1993-жылдары Ош облусунун Совет районунун Ульянов атындагы совхозунда директор;
— 1993-жылдын май айынан тарта 1996-жылга чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол колхозунда жетекчи;
— 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышында депутат;
— 1996-1997-жылдары Жогорку Кеңештин Агрардык маселелер боюнча комитеттин жетекчисинин орун басары;
— 1997-2000-жылдары Жогорку Кеңештин Агрардык маселелер боюнча комитеттин жетекчиси;
— 2000-жылдын апрелнен тарта 2005-жылдын мартына чейин депутат, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары;
— 2005-жылдын март айында Жогорку Кеңештин III чакырылышына депутат болуп шайланган;
— 2006-2007-жылдары Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитеттин төрагасы;
— 2007-жылы 3-апрелде Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри болуп дайындалган;
— 2007-жылы 24-октябрда Кыргызстандын жаңы баш мыйзамын кабыл алууга байланыштуу аталган кызматынан отставкага кетип, жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин министрдин милдетин убактылуу аткарып турган;
— 2007-жылы 27-декабрда президент К.Бакиевдин жарлыгы менен Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министр кызматынан Кыргызстандын конституциясынын 46-беренесинин 1-пунктунун 3-пункчасынын негизинде кеткен;
— 2008-жылдын январь айынан 2010-жылдын апрелине чейин жеке ишкер;
— 2010-жылы Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу;
— 2010-жылы Кыргызстандын президенти Р.Отунбаеванын жарлыгы менен Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалган;
— 2012-жылдын 16-августунда Кыргызстандын өкмөтүнүн премьер-министри Ө.Бабановдун буйругу менен өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
— 2015-жылдын 11-декабрында президент А.Атамбаевдин жарлыгы менен Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси болуп бекитилген;
— 2016-жылдын 23-мартында президент А.Атамбаевдин жарлыгы менен Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган;
— 2016-жылы 12-апрелде КСДПК парламенттик фракциясы С.Жээнбековду премьер-министр кызматына талапкер кылып көрсөткөн;
— 2016-жылы 12-апрелде КСДПК, «Кыргызстан», «Ата-Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары С.Жээнбековдун өкмөт башчылыгына талпкерлигин жактырган;
— 2016-жылы 13-апрелде «Республика-Ата-Журт» жана «Бир Бол» фракциялары С.Жээнбековдун премьер-министр кызматына талапкерлигин кабыл алган;
— 2016-жылы 13-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министр кызматына талапкер болгон С.Жээнбековдун долбоорлорунун программасын, түзүмүн жана өкмөттүн курамын бекитишкен (добуш берүү электрондук түрдө ачык өткөрүлгөн. Өкмөттүн программасы үчүн катталган 115 депутаттын 113,2 «макул»; түзүмгө 115 добуш берилген; министрлер кабинетине 115 добуш берилген);
— 2016-жылы 13-апрелде президент А.Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп дайындалган.
— 2016-жылдын 3-ноябрында парламенттеги көпчүлүк коалиция С.Жээнбековдун талапкерлигин Кыргызстандын премьер-министри кызматына жактырган.
— 2016-жылдын 9-ноябрында Жогорку Кеңеш С.Жээнбековдун талапкерлигин премьер-министрликке жактырып, өкмөттүн жаңы түзүмүн 112 депутат колдоп, 4 эл өкүлү каршы чыккан. Добуш берүү учурунда жалпы 116 депутат катталган.
— 2016-жылдын 11-ноябрында президент А.Атамбаевдин жарлыгы менен КРнын Конституциясындагы 84-берененин 5-бөлүмүнө ылайык Кыргызстандын премьер-министри борлуп дайындалган.
— Өкмөт башчы катары ант берүү аземи Жогорку Кеңеште 2016-жылдын 7-ноябрында өткөн.
— 2017-жылдын 17-майында КСДПнын сасий кеңеши Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары көрсөткөн.
— 2017-жылдын 15-июлунда КСДП партиясынын XVI съездинде Кыргызстандын президенттигине талапкер катары көрсөтүлгөн (С.Жээнбековду көрсөтүүгө партиянын 674 делегаты «макул» болуп, эч ким макул болгон эмес)
— 2017-жылдын 4-августунда мамлекеттик тилди билгендиги боюнча тест берип, 94,6 упай топтогон.
— 2017-жылдын 21-августунда өкмөттүн жыйынында Кыргызстандын премьер-министрлигинен өз укуктарын тапшырыра тургандыгын билдирген.
— 2017-жылдын 21-августунда президенттикке талапкер катары катталган. БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова күбөлүк тапшырган.
— 2017-жылдын 22-августунда президент Алмазбек Атамбаев «КР премьер-министринин отставкасы тууралуу» жарлыкка кол койгон.
Үй-бүлөсү:
Жубайы — Айгүл Жээнбекова.

Эки баласы: кызы жана уулу. Небереси Алиаскар

Кызы — Бактыгүл, 2016-жылы Атабек Абжалиевге турмушка чыккан (Алиярбек Абжалиевдин уулу).

Бир туугандары:
Кантөрө Токтомаматов, илимдин доктору, профессор.
Жусупбек Шарипов.
Асылбек Жээнбеков.
Жыргалбек Жээнбеков, Кара-Кулжа районунун айыл чарбасынын экс-директору.
Искендер Жээнбеков, 28 жашында Ош облусунун прокурору болгон.
Ошондой эле эки эжеси бар.
Кудасы — Алиярбек Абжалиев.
Кошумча маалымат
— Айыл чарбанын эмгек сиңирген кызматкери.
— Мамлекеттик кызматтын экинчи класстагы кеңешчиси.
— 2011-жылдын 1-декабрында президент Роза Отунбаеванын буйругу менен «Даңк» медалы менен сыйланган.

Булак: «Турмуш» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу