Фото — КСДПнын депутаты бирөөнү бычактады

КСДПнын депутаты Токмокто бирөөнү бычактаганы кабарланууда. Маалыматтарда, Токмок шаардык кеңешине КСДПдан депутат болуп шайланган Тынай Жансеитов 26-август күнү таңкы саат  8:00 чамасында Токмоктун мал базарында Т.Жамангуловго  бир нече жолу бычак менен сокку урган.

Бул тууралуу жабыр тарткан Т.Жамангулов өзү билдирди. Анын айтымында, ал депуттаттын соккусунан улам оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Ал эми шаардык кеңештин депутатына иш козголуп, бирок прокуратура, милиция жана соттор ишти кароону басаңдатып жатканын айтат Жамангулов.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу