Фото – Кимдин өкүл атасы ким?

Айтылуу “алко магнат” “Аю” ишканасынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримовдун өкүл
атасы “Ак-Шумкар” партиясынын лидери кадимки Темир Сариев экени маалым. Негедир
экөөнүн коюн-колтук алышып жакындашканы деле байкалбайт. Мамилелери кандай
болду экен?..

 

КТРКда жаңылыктарды алып барып, андан кийин парламенттин басма сөз кызматында
иштеген белгилүү теле алып баруучу Космос Чыдыновдун өкүл атасы К. Бакиевдин “Ак
жол” партиясынын мүчөсү болуп 4- чакырылышта парламент депутаты болгон Рашид
Тагаев экендигинен кабардарбыз.

 

Убагында “Ата-Мекен” партиясынан депутат болгон салабаттуу жигиттердин бири
Жоомарт Сапарбаевдин өкүл атасы белгилүү окумуштуу түрколог Кадыралы Конкобаев
экендигин Ж. Сапарбаев депутат кезинде гезит беттерине берген интервьюларында
айтып жүргөн жайы бар.

 

“Кабар” мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Нурканбек Керимбаевдин
өкүл атасы Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков экени
белгилүү. А. Жээнбеков парламент төрагасы болуп турганда Нурканбек Керимбаев
төраганын маалымат катчысы болуп эмгектенген.

 

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу