Фото – Икрамжан Илмиянов Москва-Дубай-Нью-Йорк багыты менен Америкага качып баратканда аэропортто кармалган

Бүгүн, 20-октябрда Бишкекке алынып келинген Икрамжан Илмияновго тиешелүү авиадокументтерден улам ал Москванын аэропортунан Москва-Дубай -Нью-Йорк каттамы менен Америкага качып бараткан жеринен кармалганы белгилүү болду.

Каттоодон өткөндө берилүүчү олтургузуу талондоруна ылайык, Икрамжан  Илмиянов 18-октябрь күнү кечинде Москвадан Дубайга саат 23.50.дө учуу үчүн, андан ары 19-октябрдын таңында 08.30.да Дубайдан-Нью-Йоркко уча турган болуп каттоодон өтүп, олтургузуу талондорун колуна алган.

Бирок, каттоодон өтүп, учакка олтура электе укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Биздин жеке булактар кабарлагандай, Илмияновду КР Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери көптөн бери көзөмөлдөп жүргөн.

Икрамжан Илмияновду быйыл июнь айында экс-президент Алмаз Атамбаев өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн Татарстандын борбору Казань шаарындагы бизнесине көз салууга жумшаган. Ага чейин Икрамжан Илмиянов Раиса Атамбаеванын суранычы боюнча анын биринчи никеден ээрчитип келген уулу Раис Бектемировду Казанга алып барып, жайгаштырып, чоң бизнес ачып берип келген. Кийин да бир нече жолу барып, Раистин бизнесинин калыптанышына көз салып турчу.

18-октябрда ал Казандан Москвага келип, Дубай-Нью-Йорк багытына учарда кыргыз-орус укук коргоо органдарынын биргелешкен операциясынын алкагында колго түшкөн. Олтургузуу талондору кармалган Икрамжан Илмияновду тинтүү учурунда анын жанынан табылган.

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу