Фото — Жаш талант: 17 жаштагы Ж.Орозбеков эркин күрөш боюнча ийгиликтерди жаратууда

Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын 17 жаштагы тургуну Жалил Орозбеков эркин күрөш боюнча 30 медаль, 40 грамота жана 1 кубоктун ээси. Жаш спортчу менен аймактык кабарчы таанышты.

Жалил 2001-жылы 3-июлда жарык дүйнөгө келген. Ал Жеңижок атындагы орто мектепте 11-класска көчтү. Спорт менен машыкканына 6 жылдын жүзү болгонун айткан каарманыбыз учурда эркин күрөш менен алектенет.

«Машыктыруучум Орозбеков Чотоноевдин жардамы менен ушул даражага жеттим. Алгачкы жолу райондук мелдеште 1-орунга татыктуу болгом. Ал учурда 6-класста окучумун. Андан кийин 2015-жылы эл аралык турнирде 3-орунга татыктуу бодум. Ошондой эле 2017-жылы окуучулардын спартакиадасында 1-орунду, Каракол шаарындагы республикалык мелдеште 3-орунду ээледим. Спорт менен машыгуума бир тууган агам себеп болгон. Ал мени көптөгөн мелдештерге алып барып, колдоо көрсөттү. Учурда эркин күрөш боюнча 60 кг салмактагылар арасында мелдештерге катышуудамын.

Мелдештерде кызыктуу окуялар көп болорун белгилеген жаш балбан: «Ысык-Көлдө өткөн турнирде жеңүүчү болуп, бизге эс алууга жолдомо беришкен. Ал учурда кубанычыбызда чек жок эле. Машыгуу учурунда агайыбыз биз менен чогуу машыкчу. Агайдан утулуп калсам, үстүмө минип чуркатчу (күлүп). Келечекте спортчуларга колдоо көрсөтүп, спорт аянтчаларды салууну жана Кыргызстанды өнүктүрүүнү максат кылам», — деди.

Жаш балбан үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу