Фото — Жаш талант: Таластык Мадина тогуз коргоол боюнча 10дон ашык медалдын ээси

Талас районунун Үч-Эмчек айылындагы 17 жаштагы Радмир кызы Мадина тогуз коргоол боюнча ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, тогуз коргоол менен 3 жылдан бери машыгат. Быйыл 11-класска көчтү.

«Алгач Азиз деген тайкем менен биргеликте ойноп баштагам. Кийин мектепке барганда Жолдошбеков Бекмурат агай андан ары улантуума түрткү болду. Ата-энем башында каршы болду. Кийин мелдештерге катышып, ийгилик жарата баштаганда ишенип, колдоо көргөзүп калышты. Учурда 10дон ашык медаль 30дан ашык грамотага татыктуу болдум.

Быйыл Аймактарды өнүктүрүү жылына карата айылдык жаштар арасында Ысык-Көлдө өткөрүлгөн мелдеште 1-орунду жеңдим. 2016-жылы өткөрүлгөн эл аралык мелдешке биринчи жолу катышып, 1-орунга татыктуу болгом. Облустук, райондук деңгээлде өткөрүлгөн мелдештерде жакшы жетишкендиктерим бар. Тогуз коргоол боюнча Азия оюндарына катышып, Кыргызстандын намысын коргосом дейм», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле башынан өткөн унутулгус учурду эскерди.

«Бир жолу Кырк-Казык айылында мелдеш болмок. Мен кечинде кеч жатып, эртең менен уктап калыптырмын. Агайларым келсе үйдөгүлөр уктап жатканымды айтышыптыр. Мен тура калып, шашылыш кийинип, такси менен Кырк-Казыкка бардым. Бирок оюн бүтүп, бардыгы тарап кетишиптир. Ызаланып, үйгө кайра келгеним эсимде (күлүп)», — деди ал.

Мадина келечекте дарыгер болгусу келет. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын эң кичүүсү.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу