Фото — Бишкектин тургуну батиринде 4 жылан, жырткыч куш жана кирпи багып жүргөн

Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун тургуну С.О. жапайы жаныбарларды көп кабаттуу үйдөгү батиринде мыйзамсыз багып жүргөн. Бул иш Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мобилдик батальону аркылуу ачыкка чыкканын Мамэкотехинспекциядан маалымдашты.
Маалым болгондой, тартип сактоо боюнча рейдге чыккан милиция кызматкерлери дароо Мамэкотехинспекциянын экологдоруна кабар берип, текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында батирде 4 жылан, 2 жапайы жырткыч куш жана 1 кирпи уруксат кагаздары жок багылып жатканы аныкталды.
Учурда жаныбарлар реабилитациялоо борборуна берилип, адистер көзөмөлдөп жатат. Ал эми жапайы жаныбарларды үй шартында багып жүргөн жаранга карата топтолгон материалдар сотко өткөрүлөт.
Мыйзам боюнча жапайы жаныбарларды үй шартында кармап, багууга тыюу салынган.

Булак: tuemush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу