ФОТО-Анжелика 1 млн. катталуучуларынын урматына мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кайрымдуулук кылды…

Инстаграмда “миллионерлердин” катарын толуктаган ырчы Анжелика 1 миллион катталуучуларынын урматына Сокулуктагы балдар үйүнө кайрымдуулук кылды.

Тагдырдын бурганагына эрте кабылып, ата-эне мээриминин ордуна чоочун көздөрдөн жылуулук издеген кичинекейлер гүл белектерин камдап,  Анжеликаны кубануу менен тосушту.

Айрымдары ырчыны сыналгыдан гана көрүп суктанганын айтышса, көпчүлүгү анын буга чейин да келип жүргөндүгүнөн улам жакындан тааный тургандыгын билдиришип, бир сыйра эркелеп да алышты.

Ал эми көпчүлүк сыяктуу биздин дагы  «Эми той кыласызбы?» деген сурообузга ырчы айым, «Той эмес, балдар үйүнө жана карылар үйүнө кайрымдуулук кылганым туура болоор. Азыр коом жакшы кабарга муктаж. Ошондуктан, досторум менен жагымдуу жаңылыктарымды бөлүшкүм келет. Бул жалган жашоодо бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутпай, жаманыбызды жашырып, жакшыбызды ашырып, соопчулук иштерди жасап, жардамга муктаж болгондорго бирге кол сунсак деген аракетим күч.

Алдыда чоң долбоорлор бар. Кудайым амандык берсе алардын баарын ишке ашырабыз. Бул реабилитациялык борбор менен байланышканыбызда балдарга оюнчук, китептер, кир жуугуч-жуунуучу каражаттар, жылуу кийимдер болсо жакшы болоорун айтышканынан алардын баарын алганга аракет кылдык» — деген Анжелика балдарга ыр сунуп, алар менен кошо ырдап-бийлеп көңүлдөрүн көтөрдү.

Анжеликанын ар дайымкы материалдык жактан колдоосуна ыраазы болгон борбордун жетекчиси Айзада Абаскановна, «Ыраазычылык кат» ыйгарды.

БУЛАК: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу