Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 24-26-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына барып, БУУнун 73-сессиясына катышты.
Иш сапарынын алкагында мамлекет башчы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.
Ошондой эле БУУнун 73-сессиясына катышып, жубайы менен АКШнын Президенти Дональд Трамптын БУУнун делегация башчыларынын урматына уюштурган расмий кабыл алуусунда болду.
Булак: Спутник