Фоторепортаж — Чолпон-Ата шаарында ТТМК мамлекеттери башчыларынын жолугушуусунун расмий аземи болду

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда бүгүн, 3 сентябрда Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин (ТТМК) мамлекеттер башчыларынын жолугушуусунун расмий аземи болду.

«Рух Ордо»маданий борборунда делегациялар башчыларын Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Жолугушуунун расмий аземинен кийин чогуу сүрөткө түшкөн соң ТТМК өлкөлөрүнүн лидерлери Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешине мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин кеңири курамдагы жыйынына багыт алышты.

Саммитке Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган катышууда.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан саммитке ардактуу конок катары катышып жатышат.

Отурумдун жыйынтыктары боюнча биргелешкен документтерге кол коюлат.

Саммитте Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешине төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өтөт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу