Фоторепортаж — Улуттук «Жоокер оюндары» федерациясы алгачкы бет ачарын кылды

Кечээ, 22-июлда улуттук оюндарга жана жоокердик өнөрлөргө негизделген «Жоокер оюну» федерациясы Суусамыр жайлоосунда бет ачаарын кылып, бир катар улутуук оюндардын түрлөрү көрсөтүлдү. Федерация 2018-жылдын башында ишкер Нурмухамед Миӊбаев тарабынан негизделген. Салтанаттуу иш-чарага аймактардан коноктор, журналисттер катышып, “Эр сайыш”, “Кыз куумай”, “Тыйын эӊмей”, “Ат үсүтүндө эркин ойноо”, “Жалын чачуу, өрттөнүү же жигитовка”, “Улак тартуу”, “Жаа тартуу”, “Күрөш” жана башка оюндардын түрлөрү нө күбө болушту. Федерация улуттук жоокердик оюндарын өнүктүрүү, даӊазалоо, дүйнөгө таанытууну максат кылат. Ошондой эле элдик, улуттук баалуулуктарды урпактарга жеткирүү менен Мекенди сүйүүгө патриоттуулукка тарбиялоо, улуттар аралык биримдикти чыӊдоо. Иш-чаранын ачылышына 50гө жакын каскадерлер келип, өздөрүнүн укмуштуудай оюндарын көрсөтүшкөн. 19 жаштагы Диана ат үстүнө тик туруп, үзөнгүгө сүйрөлүп өнөр көрсөтөт. Ал, 16 жашынан тарта ат оюндарына кызыгып баштаган. Шаарда өсүп чоңойсо дагы, аттын кулагында ойнойт. Минген аты дагы Диананын артынан калбай ээрчип жүрө берет.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу