Фоторепортаж — Кытай архивдери кыргыз тарыхчыларына эшигин ачат

Кыргыз Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Кытай сапарында Кыргыз тарыхы сакталган кылым түпкүрүндөгү архивдик документтерге байланыштуу маселени көтөрдү. Негизи эле Президент Кытай архивдеринде иштөө зарылдыгын жыл башындагы жолугушуубузда да көтөргөн эле. Президенттин сунушу Кытай жетекчилиги тарабынан колдоого алынып, иш башталганы калды. Жакында Бейжинге барып кыргыз тилинде түш жооруган 87 жаштагы аалым, профессор Ху Чженхуа менен жолугуп, Кыргыз тарыхына байланыштуу бир топ маселелерди сүйлөшүп, талкууладык.

Андан соң Кытай Академиясынын Тарых институтунун алдындагы Евразия изилдөө борборунун директору, профессор Ли Цзиньсю айым менен, анын орун басары Ценгели мырза менен, албетте анан бул жолугушууну уюштурган, эски кытай жазмасын мыкты билген окумуштуу кызыбыз Жаркын Турсун менен жолугушуп, Кытай архивдеринде иштөө маселесин сүйлөштүк. Иш акырындап алдыга жыла баштады. Эң башкысы демилге Мамлекет башчыбыз Сооронбай Шарипович тарабынан болуп, анын колдоосу менен ишке ашканы турат. Кытай окумуштуулары август айынын аягында Бишкекте өтүүчү PIACтын 61-жыйынына жана Ысык-Көлдө сентябрь айында өтүүчү III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна келмей болушту жана иш андан ары уланмакчы.

 

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы

Аргумент.kg
Жооп калтыруу