Мелдешке тараптардан экиден команда катышты. Ар бир бөлүгү 20 мүнөттөн турган таймаштын соңунда, Өкмөт мүчөлөрүнөн куралган биринчи команда 1-орунду багындырып алтын медаль жана кубок менен сыйланса, эл өкүлдөрүнун командалары 2 — 3-орунду ээлеп, күмүш жана коло байгенин ээси болушту. Ал эми төртүнчү орунду ээлеген министрлер кабинетинин экинчи командасынын оюнчулары атайын сертификат менен сыйланышты.