Финпол кымбат баалуу унааларды камакка алды

Мыйзамсыз схеманын кесепетинен бажы төлөмдөрү казынага түшпөй мамлекет эки миллион сом зыянга учураган. Өлкө аймагына аткезчилик жол менен көп сандагы кымбат баалуу унааларды алып кирген ири схеманын бети ачылды.

Маалыматка караганда, мындай схеманы түзүүгө Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча департаменттин өкүлдөрү катышкан. «Алар ЕАЭБден келген унааларды мыйзамсыз негизде каттоого алып, мамлекеттик номер жана каттоодон өткөнү боюнча күбөлүк жасап берип турушкан. Бул документтерди колдонгон аткезчилер Россия, Белоруссия жана Казакстандын чек араларынан тоскоолдуксуз өтүп турган» деп Финполдон маалымат таратышкан.

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу