Финпол жетекчисине жаңы орун басар дайындалды. Ал ким?

Сагынбек Абдылдаев мурда атайын кызматтарда иштеген.

Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматынын төрагасынын орун басары алмашканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Финполдун маалымат кызматынан билдиришти.

Жаңы орун басар болуп Сагынбек Абдылдаев дайындалды. Ал 1969-жылы 26-январда туулган. КУУну аяктаган, жогорку экономикалык билими бар.

Эмгек жолу:

1989 — КРдин Куралдуу күчтөрүнүн офицери, Афганистанда кызмат өтөгөн;

1995 — КР президентинин алдындагы күзөт башкармалыгынын офицери;

2002 — Каржы министрлигинин алдындагы мамлекеттик бажы инспекция башкармалыгынын башчысы;

2002-2007 — Улуттук коопсуздук органдарында башкармалык жетекчиси;

2008 — Өкмөттүн алдындагы Финансы полиция бөлүмүнүн башчысы;

2010-2011 — Финполдун Салык жана бажы кылмыштарына каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

2012-2014 — Финполдо башкармалык жетекчиси;

2015-2016 — Финполдо Чүй облусу боюнча башкармалыктын жетекчиси;

2016-2018 — Экономикалык кылмыш менен күрөш кызматынын ыкчам иштер бөлүмүнүн жетекчиси;

2018-жылдын 28-сентябрында Финполдун жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Булак: Спутник

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу