ФИЛАРМОНИЯНЫН ТЕГЕРЕК-ЧЕТИНДЕ ШЕК ЖАРАТКАН ЗАТ ТАБЫЛДЫ

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, филармониянын тегерек-чети курчоого алынып, сапёрлор текшерүүгө алууда.

Маалым болгондой бүгүн, 24-майда саат 7.37 чамасында 102ге филармониянын имаратынын жанынан шек жараткан зат табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Билдирүү түшөөрү менен келген милиция кызматкерлери аталган аймакты курчоого алышкан.

Учурда курчоого алынган жерге сапёрлор келип, текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу