ФИЛАРМОНИЯНЫН ЖАНЫНДАГЫ ЖЕР АЛДЫНДАГЫ ӨТМӨК 10-СЕНТЯБРДА КОЛДОНУУГА БЕРИЛЕТ

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, Улуттук филармониянын жанындагы жер алдындагы өтмөк 10-сентябрда колдонууга берилет.

Маалым болгондой,  жр алдындагы өтмөктү калыбына келтирүү иштери аяктады.    Азыр жумушчулар тепкичтерди жана айнектерди жууп, тазалап жатышат.

Мындан тышкары, айлананы жашылдандыруу иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек,  мүмкүнчүлүгү чектелген тургундар үчүн пандустар октябрдын башында орнотулат.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу