ФЕНДИН ЧАЧ КУРГАТУУДАН БАШКА ПАЙДАЛАРЫ

Фен – чач кургатууда колдонулуучу каражат. Азыркы күндө фен менен чачын кургатып көрбөгөн адам жок. Ал тиричиликте да өтө пайдалуу каражат. Фен менен чачты гана кургатып тим болбостон, көптөгөн маселелерди чечүүгө мүмкүн. Кандайча дейсизби?..

Топ балмуздак бири-бирине жабышып, бөлүнбөй убара кылса, фен менен бир аз ысытып оңой ажыратууга болот.

Муздаткычты эритүү процессин тездеткиңиз келсе, ысык шамалды колдоно аласыз.

Эмерекке же машинага жабыштырылган кагаздардан арылууда фен жардамчы болот. Кагазды ысытканда аны жабыштырып турган желим эрийт да, оңой сыйрылат.

Кол баткыс кычыктарга, люстрага туруп калган чаңды үйлөтүп тазалоого болот.

Илгерки фотоальбомдордун баракчалары же сүрөттөр бири-бирине жабышып калган болсо, фен менен ысытып, аларды айрыбастан ажырата аласыз.

Кышкысын тоңуп калган кулпуларды эритүүдө да эң жакшы каражат.

Компресс жасоодо керектүү температураны сактоо үчүн да фенден чыккан жылуу абаны колдонууга болот.

Шашылышта тоңдурулган этти тез эритиш керек болот. Бул учурда фендин чоң пайдасы тийиши мүмкүн.

Фендин жардамы менен идишке бекем жабышкан этикетканы алууга болот.

Булак: Супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу