Феликс Кулов: “Утулуп калган коньякты качан бересиң”

Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясы өтүүдө.
Ага 130 мамлекеттин башчылары катышты. Кызмат мөөнөтү аяктап бараткан Алмазбек
Атамбаев 6 жыл ичинде биринчи жолу катышууда. Ал жердеги жалпы саясий
дебаттарында Атамбаевге кечээ сөз берилип,19 мүнөт сөз сүйлөдү. Өлкөнүн тышкы жана
ички саясатына байланыштуу сөз сүйлөп, аягында кыргызстандыктарга кыргыз тилинде
мындай деп кайрылды.

“Айланайын кыргыз элим! Урматтуу мекендештерим! Сөзүмдүн аягында сиздерге кайрылып жатам.
Миң жылдан кийин кыргыз көчү өз жолун тапты. Бул жолду табыш үчүн миңдеген агаларыбыз, бабаларыбыз канын, жанын берди. Миңдеген апаларыбыз көз жашын төгүп сокур болду. «Кыр бар бекен кыргыз сөөгү жатпаган? Сай бар бекен кыргыз каны акпаган?
Бир аз күндөн кийин кыргыздар өз ажосун шайлайт. Кайрадан башка элдин башчыларына, башка элдин байларына алданып кетпейли! Кайрадан кыргыз ажосунун башына башкалар кашык менен марш ойнобосун! Кайрадан элдин байлыгы бекер сатылып, жерибиз белек катары берилип, карапайым калк кор болбосун! Алданбагыла акчага! Алданбагыла бал сөзгө! Алданбагыла алдамчы көзгө! Ар намысыбызды сактайлы. Биримдигибизди сактайлы. Ата журтубузду сактайлы. Кыргыз элин сактайлы. Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге береке берсин! Жашасын эгемендүү Кыргызстан!
Бар болгула!”, — деп айткан Алмазбек Атамбаев.

Ушуга байланыштуу “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов “Мага коңшу өлкөдөгү досум
чалып, президент Алмазбек Атамбаев БУУнун трибунасынан өзүнүн элине кайрылып, келе жаткан
шайлоодо сатылбоого чакырып жатат. Өлкөңөрдө абал ушунчалык начарбы?”, деген суроо салды деп
өзүнүн социалдык баракчасына жазган.

“Позвонил товарищ из соседней страны и спросил: неужели у вас такое хреновое положение, что
Президент Атамбаев вынужден с высокой трибуны ООН предупреждать свой народ не продаваться
на предстоящих выборах за деньги и, что на наши выборы оказывают давление лидеры и богачи
других стран?

Я, чтобы не заморачиваться перевел разговор : “Ты лучше мне скажи когда поставишь
коньяк, который проиграл 2 года назад?” Вобщем, без “бутылки” не стал разбираться…”, деп жазган
Феликс Кулов.
Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу