Феликс Куловдун документтерин да «атайлап күйгүзүп» жиберишкен

Бир кезде «Железный Феликс» деген атты алып жүргөн Феликс Куловдун ишине байланыштуу документтери 2010-жылы Башкы прокуратуранын имаратында күйүп жок болгон. Дал ошондой нерсе бүгүнкү баалуу кагаздары өрттөнүп кеткен цирк директорунун «кылган ишине» окшошуп кетет. Феликс Куловдун ишине байланыштуу документти башкалар өрттөсө, цирктин мурунку директору Курмангазы Исанаев өзүнө байланыштуу документтерди өзү өрттөгөнүн тиешелүү органдар териштирмекчи. Бир топ жылдардан бери кылган иштерин «артып жаап» кеткени болбогон иш дешет цирктеги иштегендер.

Кандай болгон күндө да «кыңыр иш кырк жылда билинет» деген сөз бар эмеспи кыргыз элинде…

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу