Феликс Куловдун атасы журналист, апасы актриса болгон

Ата-эне бардык бала үчүн ыйык. Чын эле адамдын адам болуп калыптанышында ата-эненин мээнети зор экенин эч ким талашпайт. Жогорку Кеңештин депутаты, «Ар-намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов бүгүн ата-энесинин эл билбеген жактарын айтып, аларды эскерип отурду.

Кыштообай кантип Кул болду?
— Чоң атамдын өзүнүн аты Кыштообай болгон экен. Ал кезде метрика алыш деле жок. Анан бир туугандары турбай, улам чарчап кала бергендиктен, баланы сактап калалы деп, ошол кездеги салт боюнча атын өзгөртүүнү чечишет. Эч ким көңүл бурбасын деген ниет менен Кул деген ат коюп коюшат. Ошол аты менен паспорт алат. Бирок ал киши Орто-Алыш айылынын (азыркы Байтик) эң алдыңкы байларынан болуп чыга келет. Кулакка тартуу учурунда, менин чоң атам да кулакка тартылып кетет. Ошондо туугандары «бул өзү Кул болсо, эмнеге кулакка тартасыңар?» деп айтып атып, ошентип, чоң атамды аты сактап калган экен.

«Балдары үчүн апам актрисалыктан баш тарткан»
— Таятам дагы бай киши болгон экен. Үч аялы болуптур. Менин апам үчүнчү аялынан төрөлгөн экен. Социалисттик эмгектин баатыры Зууракан Кайназарова менен эки бир туугандын балдары болот. Апам 14 жашынан баштап театрда иштеп, ролдорду ойной баштаптыр. Ал кезде бир эле театр бар болчу экен. Анан да апам Токтогулдун бала кезин, баланын ролун жаратыптыр. Беш балалуу болгондон кийин, ошолорду тарбиялайын деп жумушун таштаган экен. Тигүүчүлүктүн курсун окуп, айрым учурларда иштеп жүрүптүр.

«Атам журналист болгон»

 


—Атам өзү алгач журналист болуптур. 14 жашынан «Кыргызстан пионери» гезитинин орун басары болуп иштеп, ошондон кийин согушка кеткен экен. Кийин «Фронттон келген каттар» деген китеп жарык көргөн, ошол китепте атамдан келген каттар да бар. Ал учурда менин Акыл, Айгүл деген эки эжем бар болгон экен. Бирок алар согуш учурунда каза болуп калышыптыр. Согуштан кийин 1948-жылы мен төрөлгөм. Атам согуштан кийин күч органдарында иштеп калган. Бирок, ошондо дагы жазганын таштаган эмес. Фронтто жүргөн бир күнү үч күнгө эсептелип, 38 жашында эле пенсияга чыккан.

«Үйдөгү материалдык абалыбыз эрте эмгектенүүгө түрттү»
— Апам да жумушсуз үйдө отуруп, атам да пенсияга чыгып, ошол кездеги үйбүлөбүздөгү материалдык абал мени да эрте эле эмгектенүүгө түрттү. 13-14 жашымда Заводго темир уста болуп жумушка орноштум. 1-разряддагы уста болдум. Билим баары бир керек экенин билип, кайра мектепке бардым. Кийин университетти сырттан окудум. Андан соң СССРдин ИИМинин жогорку мектебин аяктадым. Күч структураларында иштеп жүрүп, кийин ИИМдин академиясын да бүтүрдүм. Менде ошентип эки билимим бар, бирөөсү — юрист, бири — башкаруу ишин уюштуруу.

Дилбар АЛИМОВА

Булак: ПолитКлиника

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу