Фастфуд миллионерлери кантип байышкан?

Тез даярдалуучу көчө тамактарынын зыяндуулугу тууралуу жазылып, айтылып эле келатканы менен аларга кезекке тургандардын аягы суюлчудай эмес. Биздин жашообузга ушунчалык бекем орношуп калган фастфуддар даамдуулугу, арзандыгы, тез даярдалышы менен бизди өзүнө тартып келет. Мына ушул сизди дайыма азгырып турган тез татымдардын дүйнөгө белгилүүлөрүнүн тарыхына кайрылабыз.

KFC (КиЭфСи

KFC – америкалык фастфуд ресторандар тармагы. Kentucky Fried Chicken (Кентуккиден куурулган жөжө) деген сөздөрдүн баш тамгаларынан алынган бренддин штаб-квартирасы аты айтып тургандай эле АКШнын Кентукки штатында жайгашкан. Ал эми негизги тамагы тооктун эти болуп эсептелинет.

Бул бренддин тарыхы тууралуу сөз кылганда анын негиздөөчүсүн көз жаздымда калтырып кетүүгө мүмкүн эмес. Дэвид Сандерс деп аталган ал адам 1890-жылы туулган. Анын балалыгы өтө кыйын кырдаалда өткөндүктөн, кичинекей кезинен эле үйүнөн чыгып кетип, 16 жашында жасалма документ жасатып аскерге кызмат өтөөгө барат. Мөөнөтү бүткөндө барар жери жок, өлкөнү кыдырып жөн эле жүрө бергени менен бул убакыт аралыгында көп нерсени башынан өткөрүп, андан көп нерсени үйрөнөт. Үйрөнгөн нерселеринин ичинен тамактын ар кандай түрлөрүн жасоону өздөштүрүп алганы Сандерстин жашоосун түп тамырынан бери өзгөртөт.

40 жашка келгенде ал Кентукки штатындагы Корбин шаарына май куюучу станция ачып, ошол эле жерге өзүнүн өзгөчө рецепти менен даярдалган куурулган тоок эти менен кардарларды тейлөөчү кичинекей орун да ачып алат. Кардарларга бул тамак жагып, бара-бара унаасына май куюу үчүн эмес, өздөрү тамак жеш үчүн келгендердин саны арбыйт. Ушул учурда Сандерс керектүү нерсени тапкандыгын түшүнөт да, рецептти дагы жакшыраак өздөштүрүп, тейлөөчү жайын кеңейтет. Андан кийин ресторандарды ачып, алардын санын көбөйтүп отуруп Кентуккиге бат эле Полковник Сандерс деген ат менен таанымал болуп калат.

Дэвид Сандерс 74 жашында өзүнүн ишканасын 2 миллион долларга сатып жиберген. Өзү болсо 1980-жылы 90 жашка чыгып каза болгон. Кызыгы, аны бизге ушул күнгө чейин KFCнин негиздөөчүсүнүн образын элестеткен белгилүү ак костюму менен жерге беришкен.

Негиздөөчүнүн өлүмүнөн кийин компания колдон-колго өтүп бир нече жолу сатылган. 1997-жылдан бүгүнкү күнгө чейин бул бренддин ээси болуп Yum! Brands америкалык корпорациясы эсептелинет. KFC тез татым тармагынын менюсу көп түрдүү тамак-ашты өзүнө камтыйт. Бирок ошолордун баарын бир нерсе – тоок эти бириктирет. Учурда дүйнөдөгү эң популярдуу компаниялардын бири. 118 өлкөгө ресторандары ачылып, алардын ичинен Кыргызстанга да жакында эле келди.

McDonald’s (Макдональдс)

1940-жылдары Дик жана Мак Макдональд аттуу эки бир тууган өздөрүнүн жеке бизнесин ачып көрүүнү чечишет. Мындан улам Калифорния штатында башкалардан эч кандай өзгөчөлөнбөгөн, кадимки чакан ресторан пайда болот. Башталганда эле жылдык кирешеси 200 миң долларды түзгөн бул бизнес бир туугандарды толук канааттандырар эле. Тилекке каршы, көп өтпөй эле шаарда буга окшогон ресторандардын саны кескин көбөйүп кетип, кардарлардын саны азая түшөт. Ресторанды жабуу бир туугандардын оюна да келбейт. Тескерисинче, жакшыртып, башкаларга окшобогон өзгөчөлүк киргизүүнү ойлоно башташат. Ошентип алар менюнун санын азайтып, кардарлар үчүн өзүн-өзү тейлөө системасын киргизишет. Буга чейин Калифорнияда официанты жок бир дагы ресторан болгон эмес эле. Ушундан уламбы, менюда саналуу эле тамак: чизбургер, гамбургер, картошка фриси жана суусундуктар гана калганына карабастан кардарлар кайрадан агылып келе башташат.

Кожоюндар бул убакта тамактарды гана жаңылабастан, жаңы суусундуктарды да киргизишкен эле. Мисалы, миксердин жардамы менен даярдалган коктейль. Бир жолу ресторанга миксер сатып келген Рэй Крок аттуу адам бир туугандардын ишине абдан кызыгып калат да, кызматташуу тууралуу сунушун айтат. Тактап айтканда, мындай бизнести бүткүл дүйнөгө жайылтуу керектигин сунуштайт. Бир туугандарга сунуш жакканы менен өздөрү аракет кылууну анчейин каалашпайт. Андыктан Крокту иштетип, ага кирешеден пайыз чыгарып бермек болушат. Крок активдүү иштеп пайыздардын эсебинен эле аз убакыттын ичинде байып кетет, бирок ал үчүн бул дагы аз эле. 1961-жылы ал компанияны бир туугандардан биротоло сатып алат да, McDonald’s деген ат ыйгарат. Ошондо анан чыныгы бизнес башталат. 1965-жылы АКШ боюнча 700гө жакын ресторан ачылат, гамбургердин баасы акырындан кымбаттаганына карабай кардарлар азаймак түгүл, тескерисинче, көбөйүп отурат. Ошондон көп өтпөй Европанын бир нече өлкөлөрүнө чыгып, учурда андан түшкөн киреше жалпы кирешенин 80 пайызын түзөт. Ал эми McDonald’s тез татым рестораны Кытайга ачылгандан баштап сатуу боюнча рекордду эч кайсы өлкөгө бербей келет. Ага чейин күнүнө 40-50 миң кардарды тейлеп Москва алдыда келаткан. Бул тез татым тармагы өзүнүн символу катары Рональд Макдональд аттуу клоунду алып жүргөндүгү менен да өзгөчө.

Pizza Hut (Пицца хат)

Дүйнөгө белгилүү Pizza Hut тез татым ресторандар тармагынын тарыхы 1958-жылы Американын Канзас штатында башталат. Дал ошол жылы Ден жана Фрэнк Карни аттуу студент бир туугандар өздөрүнүн апасынан 600 доллар акчаны карызга алышып, кардарларды пицца менен тейлөөчү 25 кишилик биринчи жайын ачышат. Эшиктин үстүнө илинүүчү кичинекей тактайчага тогуз тамгадан ашпаган ат табуу маселеси жаралганда Pizza Hut деген аталыш жаралган. Ал ачылгандан бир нече ай өтпөй эле жумасына 500-800 доллардан пайда алып келе баштаганда бир туугандар ошол эле бренддин астында дагы жаңы ресторандарды ача башташкан. 1971-жылдан баштап «номер биринчи пицца» атала баштаган Pizza Hut бүгүнкү күндө деле ал статусун жоготпой келет. Айырмасы – бул компания азыр бүткүл дүйнөгө белгилүү. 1978-жылдан баштап бул бренд Yum! Brands корпорациясынын карамагына өттү. Pizza Hutтын популярдуулугун арттырган бир өзгөчөлүгү – 1896-жылдан баштап жеткирип берүү кызматын кошкондугунда болгон. Азыр ар бир пиццерияда мындай кызмат бар болгону менен ошол учурда бул кардарлар үчүн чоң жаңылык эле. Бүгүнкү күндө 110 өлкөдө бул бренддин алдында ачылган 14 миң ресторан бар. Алардын фирмалык тамагы болуп PAN деп аталган пицца эсептелинет. Анын рецептин шеф-поварлардан башка эч ким билбейт.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу