Фарид Ниязов: “Эгер Чыныбай Турсунбеков президенттикке талапкерлигин алып чыга турган болсо, анда ага КСДПнын катарынан орун жок”

“Эгер Чыныбай Турсунбеков президенттикке талапкерлигин алып чыга турган болсо,
анда ага КСДПнын катарынан орун жок. Съезд партиянын жогорку башкаруучу органы.
Устав боюнча партиянын бардык мүчөлөрү съезддин чечимин кыйшаюусуз аткарууга
милдеттүү. Бүгүнкү съезд партиянын атынан президенттикке бирдиктүү бир талапкерди –
Сооронбай Жээнбековду алып чыгууну чечти. Эми баардык мүчөлөрү ушул чечимди
аткарууга тийиш”, – деп билдирди бүгүн, 15-июлда Бишкекте өткөн КСДПнын XVI
съездинен кийин журналисттерге партиянын лидеринин биринчи орун басары Фарид
Ниязов.

Булак: kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу