Фарид Ниязов неге мынча кылтыңдайт?

Ноябрь айында  Нурбек Токтакунов дегендин президенттик шайлоодогу “кара касса” жөнүндө тизмеси жарыяланганда шайлоодо С.Жээнбековдун штабынын жетекчиси болуп иштеген Фарид Ниязов ошол замат өнөктүктө штабдын бардык иштери мыйзамдуу  болгондугу жөнүндө билдирүү жасаган.

Президент 19-декабрдагы маалымат жыйынында  “ким шайлоо убагында мыйзамды бузса, ал ким экендигине карабастан сөзсүз мыйзам алдында жооп бериши керек” деген мааниде  категориялуу позициясын билдиргенден кийин Фарид Ниязов дагы бир жолу билдирүү жасады. Ал мурдагы позициясын өзгөртүп, өнөктүктө шайлоонун технологиясына жана жалпы координацияга гана жооптуу болгондугун” айтып келип, “башкы демөөрчүлөрдү талапкерлер дайыма өздөрү табышат, аларга менин тиешем жок,  КРнын Кылмыш Жаза Кодексинин 140-беренеси боюнча талапкерлер жана алар менен кошо жүргөндөр үгүт иштерине канча акча жумшашса да жооп беришпейт, анын  саясый  жана моралдык  жоопкерчилиги  гана бар” -деп келип, аракеттеги президенттин короосуна: “ал шайлануучунун  легитимдүүлүгүнө гана таасирин  тийгизүүсү  мүмкүн, мындан ары ал маселе дайыма козголо берет”,- деген котур ташты ыргытыптыр.

Эгерде ал өзү андан жогоруда талапкер канча акча жумшаса да мыйзамга каршы келбестигин, ал үчүн эч ким жооп бербей тургандыгын ырастагандан кийин, эмне үчүн ал маселе шайланган президенттин легитимдүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүсү керек?

Мында Фарид Ниязов  шефинин  тапшырмасын аткарам деп  жатып (ал маселелердин  бардыгы  АШАнын демилгеси менен чыгып жаткандыгы эч кимде шек туудурбайт)  ашкере кылтыңдап, а түгүл бир ырда айтылгандай, “жылпылдап” да кеткендиги көрүнүп турат. Албетте, штабдагы иштердин  бардыгына кааласа  да, каалабаса да, ага жакса да, жакпаса да биринчи  кезекте  анын  башчысы жооп берет. Ошон үчүн штабдын башчысы деп аталат. Эгерде Токтакунов маалымдагандардын бирөө-жарымы аныкталса, биринчи Фарид Ниязов  кармалары  турган иш. Ошондуктан ашыкча  кылтыңдай берүү —  анын кызыкчылыгына ылайык келбей тургандыгын да эсинен чыгарбай жүргөнү оң го.

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу