Фарид Ниязов көзөмөлдөгөн “Gezitter.org” сайты чектен чыгып баратат

Экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан каржыланып, 6 жыл бою ага каршы чыккан саясатчыларды негизсиз каралаган материалдарды басып келген “Gezitter.org” сайты бүгүнкү күндө Фарид Ниязовдун көзөмөлүндө. Тилекке каршы акыркы кездери бул маалымат булагы чектен ашып баратат. Журналистиканын бир да нормаларын сактабай, бийликти бир тараптуу негизсиз каралаган, элди бөлүп-жарууга чакырган макалаларды таратуу менен алек. Негизи “Gezitter.org” сайты кыргыз тилдүү басылмаларга чыккан макалаларды которуу менен оокат кылат. Анын кожоюну Курманбек Бакиевдин тушунда Президенттик катчылыктын жетекчиси Оксана Малеванаянын орун басары болуп иштеген Максим Каганер деген неме. Кыргызга эзели күйбөгөн бул адам менен Атамбаевдин иштешип калганы да көп суроолорду жаратат. Бүгүнкү күндө болсо ал “Форумдан” даярдалган материалдарды ар кайсы кыргыз тилдүү гезиттерге шылтап жарыялап, элди ачыктан-ачык экиге бөлүүгө багытталган чакырыктарды таштоодо. Бул сайтта катуу цензура да өкүм сүрүп жатат.

Маселен, АШАны сындап пикир жазган окурмандардын комментарийлери заматта өчүрүлүп, президент баш болгон бийлик адамдарын кемсинткен көрүнүштөргө гана орун берүүдө. Кыргызстанда сөз эркиндиги сакталганы менен аны ашыра пайдаланган “Gezitter.org” сыяктуу сайттардын тез арада тизгинин тартуу керек. Мындай маалымат каражаттары башка журналисттерге да берилген мүмкүнчүлүктү кыянаттык менен пайдаланып, бүтүндөй кыргыз журналистикасына көлөкө түшүрүүдө. Адамдарды негизсиз гана каралабай, алардын керт башына асылып, моралдык жактан кордогон ыплас көрүнүштөргө жол берүүдө. Эгер бул сайттан запкы жеген кимдир-бирөө адамдык намысын коргоп сотко кайрыла турган болсо “сөз эркиндиги” деп айкырып чыгат. Андыктан АШАга таянган, элди бузуп жаткан бул сайтка тиешелүү органдар, сөз эркиндигин коргоого багытталган уюмдар, бүтүндөй коомчулук чара көрүшү керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу