Фарид мырзага эмне керек?

Жакында эле Фарид Ниязов мырзаны Бишкектеги кофе ичүү жайлардын биринен көрүшүптүр. Жаныңда тээ Акаев заманынан берки күчтүү политтехнологдун бири деп эсептелген Валентин Богатырев бар экен. Экөө бир топко кенен-кесир сүйлөшүп отурду дешет. Булар эмне маселени козгошту деген суроо болбой койбойт мындайда. Эски-жаңы бийликтин ортосунда карама-каршылык болуп жаткан учурда экс-президенттин жанында өтө олуттуу фигарадан жалгыз Ниязов калды да дешүүдө. Балким жазга жакын ызы-чуу салууну пландап жатабы деп ойлогондор да болбой койгон жок. Бирок чындыгы андай эмес эмес дегендер да бар. Жогорудагы аты аталган эки инсан жөндөн-жөн андай радикалдуу кадамдарды жасоочулардын катарына кирбейт деп эсептегендер да арбын. Балким эски-жаңы жетекчилерди жолуктуруп коелу деген ойлору болбосун дегендер да табылышы мүмкүн. Ким билет? Кандай болгон күндө да саясатка аралашкандар жогорку эки инсандын саясий карышкыр болуп калгандарын жакшы билишет. Балким ошондон улам жогорудагыдай ой-пикирлер жаралып жатса керек?

Булак: Argument.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу