Фарида Карбосова, ырчы: «Дүкөндөргө барып калганда жакшы атырлар болсо сатып ала берем…»

15 жылдан ашык убакыттан бери чыгармачылыктын казанында кайнап, ошол убакыт аралыгында өз күйөрмандарына жагымдуу музыка, ыр тартуулап, көп ырчылардын көмүскөсүндө калып кетпей, азыр-көптүр сахнадан өз ордун таап, кыргыз маданиятына салымын кошуп келе жаткан ырчы Фарида Карбосова менен баарлаштык.

— Саламатсызбы, ырчылардын жаңылыгы эле алардын чыгармачылыгы эмеспи. Сиз учурда кандай ырларды жаздырып жатасыз?

— Күз айлары тойлордун айы эмеспи. Азыркы учурда тойлорго чакыруулар көп болуп, элдин жакшылыгында тойго келген элдерге жакшы маанай тартуулап, элиме кызмат кылып жүрөм. Негизи эле күзүндө ырчылардын баары тойдон бошобойт. Күз айларын биз «сезон» учу- ру деп өзүбүзчө тамашалап коебуз. Албетте, жалгыз эле той менен чектелип калбай, репертуарымды жаңы ырлар менен да толуктап жатам. Маселен, учурда Максат Кулуевдин калемине таандык «Чочулап, чоочун болдук» деген эң мыкты чыгармасын жаздырып жатам. Чыгарма абдан мыкты экен. Эми аны бийик деңгээлде аткарып элге жеткирүү керек болуп турат. Ошондуктан азыр болгон убакытты, күчтү ушул ырга арнап жатам. Кудай буюрса, бул ырга да күбө болуп, өз бааңыздарды бересиздер. Мындан сырткары даты бир ыр жаздырып жатабыз. Ал ырдан кийин эле жаңы ырларыма клип тарттырсамбы деп турам.

— Сахнага кадам таштаганыңызга 18 жылдын жүзү болуп калыптыр. 18 жыл аралыгында чыгармачылык жаатта кандай ийгиликтерге жетише алдыңыз?

— Сахнага чыкканымдан бери эң жетишкендигим менин музыкалык билимим бар. Бир эмес, эки окуу жайды бүтүрүп, эки дипломдун ээси болгом. Кудайга шүгүр, нотаны түшүнөм. Бул ырчынын эң башкы жетишкендиги болсо керек. Анткени ар бир кесип ээси өзүнүн ишинин устасы болуш үчүн а дегенде ал иштин теориясын билиши керек деп ойлойм. Мындан сырткары аздыр-көптүр өз күйөрмандарымды топтоого, элиме жакшы ыр тартуулоого, аз болсо да калкыма кызмат өтөөгө жетиштим. Эң башкысы сахнадан өз ордумду таптым. Кудай буюрса, элиме көп кызмат кылам. Менин жасай турган иштерим алдыда. Ал үчүн чымырканып гана иштеш керек. “Аракет кылсаң берекет” дегендей, талбас эмгегимдин арты менен элимдин алкышына ээ болом деген ойдомун.

— Сахнага чыгып, ырчы болуу сиздин бала кездеги кыялдарыңыздын бири болсо керек? Балалык кыял баарынан күчтүү дегендей, секелек кезиңиздеги тилектериңиздин канча пайызын ишке ашыра алдыңыз?

— Аябай жакшы суроо болду. Бала бакчага барып жүргөндө эле, кийин чоңойгондо ырчы болом деп айта берчүмүн. Үйгө коноктор келгенде аларга ырдап берип, концерт кое берет элем. Анан кечинде жатып алып, кийин мени сахнага Фарида Карбосова деп чакырса, мен жалтыраган кийимдерди кийип алып чыксам, ырларым элиме жакса деп кыялданаар элем. Кудайга шүгүр, азыр мени сахнада Фарида Карбосова деп чакырат. Эң негизгиси ырчы болсом деген тилегиме жеттим.

-Досторуңуз көп экенин айтып каласыз, алардын арасынан көңүлүңүздү калтыргандар да болбой койбосо керек?

— Албетте, адамда беш манжа тең эмес. Достордун баары да бирдей эмес. Бири чын дилден, сенин адамдык сапатыңды баалап дос болсо, кээ бирөөлөр жеке кызыкчылык үчүн достошот. Бирок убакыт баарын иргейт. Кимдин-ким экенин учурунда көрөсүң. Менин ишенимиме кирип, бирок бат эле сатып кеткен, ар кандай ушактарды айткан адамдарды кездештиргем. Буга азыр терикпейм. Кудай баарына тараза. Кимге кандай мамиле кылсаң, ошондой жооп аласың деп ишенем.

— Акчанын артынан куудуңуз беле?

— Кудай сактасын.  Акча үчүн жашаган адам эмесмин. Менин жашоомдо акча башкы ролдо эмес, башкы нерсе ден соолук, намыс, жакындарымдын амандыгы, жерибиздеги тынчтык. Акча деген күнүмдүк керектөөнү камсыздоо үчүн гана керек. Мен эч качан өзүмдөн акча аяган эмесмин. Каалаган кийимди алып кием, жегим келген нерсени сатып жейм, досторум менен катышам. Дасторкон жасаганда же тамак ичкенде аябай толтура тамактарды алам. Анткени аз-аздан, чүйтүйтүп алганды жаман көрөм. Төгүлүп-чачылып, берекелүү болуп турганды жактырам.

— Азыр ырчылардын көбү кайрымдуулук иштерин жасашат. Бул жаатта сиз кандайсыз?

— Мен четте калган эмесмин. Кайрымдуулук иштерин көп  эле жасап келем. Бирок эч качан мындай кылдым деп айтпайм. Колунда бар, бизнесмен досторум деле көп. Чогулуп калганда, келгиле ортодон акча чыгарып балдар үйүнө, ооруп жаткан балдарга жардам берели деп айтып келем. Ошол учурда баары эле макул дешет, иш жүзүнө келгенде анын бири жок. Негизи эле балдар үйүнө кайрымдуулук концерттерине барганда ошол жердеги балдарды көрүп, ырдап жатып деле ыйлай берем. Абдан боорукер, эмоционалдуу адаммын.

— А чет өлкөгө чыгып эс алууну каалайсызбы? Кайсы өлкө жагат, эмнеси менен?

— Чет өлкөгө барып  эс алып келүү, эл көрүү, жер көрүү ар бирибиздин эле кыялыбыз болсо керек. Мага көп өлкөлөрдүн ичинен Франция өз атырларынын жыпар жыттуулугу менен өзгөчө жагат. Эгер чет өлкөгө чыгып калсам, биринчи эле Францияга бармакмын. Анткени атырларды абдан жакшы көрөм. Дүкөндөргө барып калганда жакшы атырлар болсо сатып ала берем. Үйдө атырдын бир нече түрү бар. Францияга да атыр үчүн баргым келет. Эгер барып калсам, биринчи эле атыр саткан дүкөндөрүн кыдырып, эң жыттуу атырларды  сатып алмакмын.

— Кинодо өзүңүздү сынап көрсөм дейсизби?

— Жо-ок, андай оюм такыр жок. Мен ырчымын, актриса эмесмин. Ар кимибиз өз колубуздан келген ишибизди эле кылсак. Ролду элге жеткире албагандан кийин, кинонун сапатын бузуп тартылбай эле койгон туура деп эсептейм. Бул жаатта өзүмдү көрө албайм. Акырын эле кылдырап, ырчылык арабамды тартып жүрө берейинчи. Кудай ушуну кут кылсын.

Маектешкен Жаркынай КАДЫРКУЛОВА

БУЛАК:Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу