Фарида Карбосова: “Кааласам, азыр деле турмушка чыгып кетем”

Качан күйөөгө тиесиң?»деп сурагандар тажатты»-деген ырчы айым Фарида Карбосова менен  жеке жашоосу, пландары жана сырлары тууралуу маек курдук.

— Фарида, жаз келбедиби, жеке жашооңуз гүл ачууга даярбы? 

— Жеке жашоом баягыдай эле, бир нукта… “Жигитим бар” деп жашырбай айтып келем. Экөөбүз көп жылдан бери сүйлөшөбүз. Ачыгын айтсам, турмуш куралы деген ой жакынкы планыбызда жок. Кудай кайсы күндү бешенебизге жазган болсо, ошол күнү баш кошобуз. Аны алдын ала айтуу кыйын. Ал эми чыгармачылык жаатты кеп кылсам, жакында эле  “Сагынам” деген жаңы ыр жаздырдым. Радиолорго бергениме бир жума болуп калды. Жеке концерт берсемби деген дагы оюм бар. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, жагдайга жараша карап көрөм да…

— Ырчылар келбетине өзгөчө кам көрүшөт деп угабыз, сизчи? 

— Мурда фитнеске барчумун. Бирок, булчуңдарым чыгып кеткендиктен, аны таштап койдум. Буйруса йогага жазылдым. Ал эми келбетиме жаздын күнүндө көбүрөөк көңүл бөлөм. Анткени, бардык типтеги терилер жаз келгенде туурулат, анын алдын алып, түрдүү маскаларды жасайм. Эң негизгиси, организмди нормага ылайык суу менен камсыздап туруу керек. Газдалган суусундуктар жарабайт, кадимки таза суудан эле тез-тезден ичип туруу абзел. Ошондой эле бетимдин терисине ылайык Кореядан косметика алдырдым эле, жакшы жыйынтыгын берип жатат. Жумушума ылайыктуу көпчүлүк учурда макияж менен жүрөм. Үйгө келээрим менен эч нерсе кылбай туруп, бетимди тазалайм. Анан кыздарга айтаар элем, жүзүңөрдү эч качан самын менен жуубагыла! Териңерге жараша косметикалык каражаттардын ылайыктуусун тандап, анан тазаласаңар, оң жыйынтыгын берет.

— Бүгүнкү күндө сиз үчүн эмне актуалдуу?

— Актуалдуу темалардын катарына интернет тармагын кошмокмун. Жаңылыкты дагы, өзүңө керектүү кеп-кеңешти дагы таап алсаң болот.

— Социалдык тармактарда таанышалы дегендер көп болсо керек…

— “Whatsapp” аркылуу гана байланышта болбосом, социалдык тармактардын биринде да катталган эмесмин. Виртуалдуу жашоо жага бербейт. Ага кетирген убактымды жакындарыма, досторума арнаганды эп көрөм. Интернетте өзүмө керектүү маалыматты алуу үчүн гана колдоном.

— Башкалардын сиз тууралуу айтылган сөзү маанилүүбү?

— Мурда ар бир айтылган майда-чүйдө ушактарга теригип, кыйнала берет элем. Бара-бара көнүп калдым. Мен жөнүндө кандай сөз кылышпасын туура түшүнөм. Тескерисинче, “демек менин жашоом башкаларга кызык экен” деп сүйүнүп калам. Айтмакчы, бир жума мурда журналисттер мени аябай таң калдырышты. Инимдин 4 жаштагы кызын ээрчитип алып көчөдө жүргөм. Баары эле башкача көз менен карап өтүп жатышты. Түз эле мага келип, “апей сенин кызың бар беле?”, — дегендер да болду. Анан бир жерге тамактанууга кирип калдык. Бир маалда эле ары жактагы столдо отурган кыз мени сүрөткө тартып жатканын байкадым. Ошондон бир жума өтпөй эле журналисттер, “Фарида эже, 4 жаштагы кызыңыз бар экен. Эмнеге жашырып жүрөсүз?” деп чалышты. Мындай суроону угуп алып, аргасыз кулдүм.

— “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дешет эмеспи?..

— Сөз төркүнүн түшүндүм, жогорудагы ушактын 1% да чындыгы жок. Өзүмдүн кызым бар болсо, элден эмнеге жашырмак элем?! Кайра сүйүнүп жарыяламакмын. Турмушка чыгып, балалуу болсом, сүйүнүчүмдү элим менен тең бөлүшөм. Кааласам, азыр деле турмушка чыгып кетүүгө толук мүмкүнчүлүгүм бар. Жакынкы аралыкта үй-бүлө курууну пландай элекмин дедим го…

Булак: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу