Уялбагандан өзүң уял

Мындан 10 күн мурда ажо А.Атамбаев “Ала-Арча” резиденциясында өлкөдөгү бир катар
белгилүү жана белгисиз, каяша айтпаган жана аны алты бүктөлүп колдогон юристтердин
бир тобуна соттук реформанын укуктук негиздерин калыптандырууга, КР мыйзамдарын
өркүндөтүүгө кошкон “салымдары” үчүн мамлекеттик сыйлыктарды, наамдарды жана
ардак грамоталарды тапшырды. Албетте, килейген тизмеде бирин-серин болсо да
татыктуулар бар деңизчи. Адам укугу күн сайын күчөп тепселген, саясий куугунтук селдей
оргуштаган, коррупция доңуз сымал дөбөгө чыккан учурда, бүгүнкү зомбулуктун болуп
көрбөгөндөй кырдаалында мындай “эмгек сиңиргендердин” көбөйүшү ыйманга каршы
келет десек жаңылбайбыз.

Өлкөдө саясий куугунтуктардын кеңири кулач жайышына, жалаакорлуктун жана укуктук
көтөң-зордуктун болуп көрбөгөндөй өркүндөшүнө салым кошкон “юристтерге” “Даңк”
медалы берилип, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” деген наамдардын
тартууланышы алардын аброюн плинтуска түшүрүп, түшүнгөн адамдар жерге түкүрүнгөн
абал жаралды. Баш прокурор И.Жолдубаева баш болгон бир топ “юристтерге”
“эмгек сиңирген” наамынын берилиши эл арасында “башкача ойлонгондорду”, ЖМК
өкүлдөрүн куугунтуктоо жаатында “сиңирген эмгегинин” үзүрү катары баалагандар
четтен чыгууда.

Сый – ургаалды “соттук реформаны талкалагандыгы, мамлекет мыйзамдарын тебелеп-
тепсегендиги, демократиянын кадыр-баркына шек келтиргендиги жана акыр түбү келип,
коррупцияны болуп көрбөгөндөй жайылткандыгы үчүн”-деп ыйгарса, маскарачылык
болсо да, эл бир аз ойлонуп калмак…

“Татыктуулар” жөнүндө маалыматтарды гезитибиздин кийинки санынан окуйсуздар.

Булак: “Алиби”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу