Ушак таратуудан жана сүйлөөдөн кантип сактаныш керек?


Ушак таратуудан жана сүйлөөдөн кантип сактаныш керек?

Айлана чөйрө баардыгы тынымсыз байланышта болгондуктан ар бир адам дайыма кимдир бирөө менен ой бөлүшүп турат бул табигый процесс.Жөн гана ой бөлүшпөстөн кимдир бирөөнү сындап,салыштырганды баарыбыз эле билебиз жана кылабыз.Төмөнкү кеңештер сизге мындай нерселерден оолак жүрүүгө жардам берет.

 

1.Ушак айтуудан карманам деп өзүңүз үчүн бекем чечим чыгарыңыз. Бул чечим бир гана ушак айтууга эмес башкалардын сөзүн угууга да тиешелүү. Эгерде, сүйлөшүп отурганда кимдир бирөөнү сөз кылууга өтө баштаганда, маектин нугун башкага бурууга аракеттениңиз. Сиздин бул аракетиңиз маектешиңизди да күнөөдөн сактаары эсиңизде болсун.

2.Эгерде сиз кайсы бир таанышыңызга дайыма терс пикирде болуп, башкаларга арызданып жүргөн болсоңуз, аны менен байланышты үзүңүз. Сизге анын кайсы бир мүнөзү жакпаганы үчүн ал күнөөлүү эмес. Ошондуктан, ал тууралуу сөздөрдү башкаларга таркатуунун кереги жок.

3.Ар бир адамда дайыма жалаң гана жаңылык ушактарды айтып жүргөн таанышы бар болсо керек. Бул  адамдар мындай сөздөрдү баарына таркатууну каалашат. Эгерде сиздин да ушундай  таанышыңыз болсо,  ал сиз тууралуу да башкаларга жеткирип жүрөрү анык. Чексиз айланган сөздөргө чынжырча болбой мындай адамдардан алыс болгон жакшы.

4.Кээ бир учурларда өзүбуздүн оюбуз, кайгыбыз, капалыгыбыз менен бөлүшкүбүз келет. Мындай абалда баарын кагаз бетине же компьютерге жазуу керек. Сиз эмоцияңыздан жеңилдеп аласыз жана эч ким жабыркабайт.

5.Эгерде кайсы бир адамды сөз кылып жаткан жерде отуруп калган болсоңуз, ал адам тууралуу жакшы пикир айтыңыз же анын жасаган кайсы бир аракетинде жакшы максат бар экенин түшүндүрүүгө аракеттениңиз. Эгерде жакшы эч нерсе айта албасаңыз унчукпай эле коюнуз. Болбосо ал жерден кетип калыңыз.

6.Кимдир бирөөлөрдүн жасаган иши тууралуу сөз кылып баштаганда анын жакшы тарабын гана байкаңыз. Мисалы курбуңуз: “Тигилер жакшы таанышпай эле үйлөнүшөт экен” деп жатышкан болсо, “Жаратканга шүгүр, демек аларда баары жакшы” деп айтыңыз.

Булак:oilon.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу