Учурда Якутияда абал кандай?

Кыргыз элинде «бир карын майды бир кумалак чиритет»,- деген учкул кеп бар. Якутияда дал ошондой окуя болду. Бир ангинин айынан эзелтен жалпы түрк ата тукумуна кирген бир боордош якут менен кыргыз элинин ортосуна чоң  жарака салып жибере жаздады.

Бирок эки элде тең калк аралык мамилени бузбоо керек экенин түшүнгөн инсандар арбын экени көрүндү. Кыргыз мамлекетинин тиешелүү органдарынын жетекчилиги өтө тездик менен бул окуяга мамиле жасашты.

Кыргыз Республикасынын Москвадагы элчилигинин, КРнын миграция кызматынын, ички иштер министрлигинин өкүлчүлүктөрүнүн жооптуу кызматкерлери Якутск шаарынын мэри Авксентьева баш болгон борбор калаанын жетекчилиги менен жолугушту. Бул жолугушууда түзүлгөн татаал кырдалды турукташтырууда эки тарап тең кызыктар экендиги ачык көрүндү. Кыргызстандык делегация мекендештердин арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, мындай кылмышты экинчи кайталабоо үчүн бардык аркеттерди жасай тургандыктарын ишендиришти.

Якутск шаарынын жетекчилиги болсо, өз кезегинде эки улуттун тирешүүсүнө жол бербей тургандыгын жана шаардагы акыбал жөнгө салынып калганын маалымдашты.

Эки тарап тең кылмышкерде улут болбой турганын, болуп өткөн окуя буга чейинки орногон достук мамилеге кедергисин тийгизбешин баса белгилешти.

Кылмышкер болсо Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жазасын алат.

Алыскы Якутияда он миңдеген кыргыз жарандары эмгектенип келүүдө.

БУЛАК:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу