Учурда кыйналып жатканын айткан Айгерим Расул кызы…

Ырчы Айгерим Расул кызы бүгүн-эртең көз жарам деп, наристесин күтүп отурган кези. Ырчы айым, жеке баракчасына: «Маанайым жок, ходовойлор кетти…»-деп тамаша-чыны аралаш, кыйналып жатканын жазды.

Айгеримдин мындай пикирине жылуу сөздөр гана айтылды. Анын аман-эсен көз жарып алуусун, тамаша сөзүнө тамаша иретте да жооп жазып жатышты.

Күз айларында тойдон тойго барып, кош бойлуу болсо дагы иштеп жаткан Айгеримге: “качан декретке кетет”, “үйдө эле отура бербейби, кош бойлуу болсо” деген пикирлер да айтылган. Ал: “Тойлордо 100 миң сом тапсаңыз, сиз да үйдө отурбайт болчусуз”, «Той сезонду бүтүрүп, тойлорго ырдап алып туруп анан декретке чыгам»-деп интернеттеги жеке баракчасына жазган эле.

Интернет колдонуучулар Айгеримдин үй-бүлө очогун кармап, ишке да, үй-бүлөсүнө да жетишип бирдей алып кетип жаткандыгын айтышып, аман-эсен көз жарып алышына тилектеш болушту.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу