УЧАК КЫРСЫГЫНА БАЙЛАНЫШТУУ ЖУРНАЛИСТТЕР ӨКМНЫ СОТКО БЕРИШТИ

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө жана Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдарынын негизинде SUPER.KG порталы Өзгөчө кырдаалдар министрлигин сотко берди. Бул тууралуу аталган сайтта жазылган.

“Баарыбызга белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын январь айында “Манас” аэропортуна жакын жайгашкан Курулуш башкармалыгынын дачалары тилкесине Боинг учагы кулап, 39 адамдын өмүрү кыйылган. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн атайын эсеп ачкан. ӨКМ эсепке элден 102 миллион сомдон ашуун каражат чогулду деп, кырсыктан бир нече ай өткөн соң жабырлануучуларга жардамды таратып берди. Элден которулган бардык акча эсепке алындыбы, жокпу бул жагы белгисиз бойдон калды. Анткени, ӨКМ каражат которгондордун тизмесин, суммаларды ачыктабай койду. SUPER.KG порталы ӨКМга коомчулукта ишенбестик жаралбасы үчүн калк тарабынан которулган каражаттын ар бир сому, тыйыны тууралуу маалымат берүүнү сунуштап келет. Мамлекеттик мекеме тийиштүү милдеттерин аткарбагандыгы жана ачык-айкындыкты камсыз кылбагандыгы үчүн портал сотко жогорудагыдай арыз менен кайрылды”,-деп жазылат маалыматта.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болсо маалыматтын көлөмү өтө чоң экенин билдирип, анын үстүнөн иштеп жатышканын жана жакынкы убакта бардык материалдар ММКларга таратыларын билдирген.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу